«2005-жылдын Мартындагы жана 2010-жылдын Апрелиндеги элдик революциялар: себептери жана натыйжалары» илимий-практикалык конференция өтөт


img_fon

img_fonЭртең, 2015-жылдын 24-мартында, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында «2005-жылдын Мартындагы жана 2010-жылдын Апрелиндеги элдик революциялар: себептер жана натыйжалар» илимий-практикалык конференциясы өткөрүлөт.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев, ошондой эле илимий чөйрөлөрдүн, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер, анын ичинде март жана апрель окуяларынын катышуучулары катышышат.
Илимий-практикалык конференция Кыргызстанда Март жана Апрель революцияларынын себептери, натыйжалары жана сабактары тууралуу изилдеп, окумуштуулар арасында дискуссия уюштуруу максатында өткөрүлөт.
Конференциянын алкагында окумуштуулар жана саясатчылар доклад жасап, жарыш сөздөргө чыгып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


пять + = 6

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>