2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик апрель революциясынын 6 жылдыгы


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Атамбаевдин 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик апрель революциясынын 6 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүнтөн баштап өлкөбүздүн расмий майрамдарынын катарына дагы бир майрам – 7-апрель – Элдик апрель революция күнү кошулду.

Албетте, эмнеге 7-апрель, эмне үчүн 17-март же 24-март эмес деген суроолор бар. Кантип ушунча жараныбыз шейит болгон, кайгы менен муңга толгон күн майрам болот дегендер да бар. Бул суроолорго дароо жооп бербесек болбойт, анткени бул ыйык күндөрдү да сасык саясий оюнга айлантам дегендер аз эмес.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Биринчиден, 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөш жолунун үч ашуусу экенин унутпасак. Бир жолдун үч ашуусу, бир күрөштүн, бир кармаштын үч эң маанилүү күндөрү экенин унутпасак.

Экинчиден, эзелтен эле дүнүйөдө кандай гана эл болбосун күрөштүн, кармаштын, согуштун башталышын же ортосундагы жеңиштерин майрамдабайт, соңку жеңиш күнүн майрамдайт.

Үчүнчүдөн, кандай элди, кандай өлкөнү албайлы, алар азыркы мезгилде майрамдаган тарыхый күнү убагында канчалык кайгылуу, муңдуу күн болсо да, азыр ал күндөр ошол элдер үчүн, ошол өлкөлөр үчүн эң шаңдуу, эң салтанаттуу майрам болуп эсептелинет. Мисалы, Францияда Бастилия чебинин алыныш күнү, бир катар мурдагы совет өлкөлөрүндө 9-май Жеңиш күнү жана башка ушуга окшогон күндөр дээрлик ар бир мамлекетте бар.

Албетте, мындай майрам күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы аралаш, көз жаш аралаш болот. Бирок бара-бара эң сүйкүмдүү, шаӊдуу майрамга айланат.

Мен ишенем, бара-бара 7-апрель майрамы да кыргыз эли үчүн ошондой салтанаттуу, ыйык майрамдардын бири болот.

Урматтуу мекендештер!

7-апрелди 17-мартка же 24-мартка карама-каршы коюп жаткан айрым сасык саясатчылар – бул эл бузарлар, элибизди түндүк-түштүккө бөлүп, элибиздин биримдигин, ынтымагын ыдыратам деген бузукулар.

Кыргыздын “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген эски сөзү бар. Бул иттер канчалык үрсө да, кыргыз кербени, кыргыз көчү эч токтобойт. Бара-бара түзөлүп, кыргыз көчү элибиз тапкан жол менен жаркын келечекке баратат.

Бул жол 2002-жылдын 17-мартында Аксыда башталган. Бул жол 2005-жылдын 24-мартында бийликтин булагы эл экенин тастыктаган. Бул жол 2010-жылы 7-апрелде элибизди жеӊишке алып келген.

Куттуу болсун жаӊы майрам! Элибиз эч качан жолун жоготпосун! Жараткан жерибизге берекет, элибизге ынтымак берсин!

Жашасын эгемендүү, эли менен күчтүү Кыргызстан!

Үйүңүздөргө кут конуп, аман-эсен, бактылуу болгула!”.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× 3 = двадцать четыре

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>