28 жаштар лидерлери квалификацияны жогорулатуу Курсун аякташты (фото)


img_fon

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынан тандалып алган жаштар лидерлери акыркы 7 айдын ичинде жүрүп жаткан квалификацияны жогорулатуу Курсун аякташты. Аталган Курс жаштар лидерлеринин

Смотреть фотографии →

Бул Курс жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги, чечим кабыл алуу журушунө жаштардын катышуусуна салымын кошкон жаш лидерлерге багытталган.
Курстун өзөгүнө 2014 жылы Жаштарды өнуктурүү институту тарабынан иштелип чыккан Окутуу усулдук топтому колдонулду, ал Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинен лицензия алынып, окуу усулу катары сунушталган.
«Биз албетте керектүү билимдерди алдык, ошол билимдерди биз сөзсүз өзүбүздүн ишибизде пайдаланабыз, бирок андан тышкары ушул Курс аркылуу биз баарыбыз абдан достоштук жана ошондой эле келечекте бири бирибиз менен тажрыйба алмашып жардам берип турабыз,» — деп Токмок шаарынан келген Курстун катышуучу, Асель Калыгулова, өз пикирилери менен бөлундү.

Бул Курсу «Жаштарды адистештирүү аркылуу социалдык кайра түзүү» долбоорду ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн. Долбоор Жаштарды өнүгүү институтунун, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин, Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугу (GIZ), БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен кызматташтыгынын негизинде БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун каржылык колдоосунун негизинде ишке ашырылууда.

Катышуучуларга Курстун журушундө, жер жерлердеги жаштардын ар тараптуу долбоорлорун ишке ашырууга арналган чакан-субсидия бөлүнүп берилген, ошол чакан-субсидиянын алкагында бул айдын башында, Жалалабад облустындагы Ак – Там айылынын жаш лидерлери волейбол боюнча турнир уюштуруу менен жакынкы сегиз айылдын жаштарынын башын бириктирди. Оюнга жалпы жонунан 102 улан-жигиттер, 84 кыз-келиндер катышып 2500 дон ашык Ак-Там айыл округунун тургундары өздөрүнүн спортчуларын колдогону келишти.
Мындай кызматташтык мамлекетттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана улуттук уюмдар жергиликтүү жаштардын потенциалын көтөргөнгө жана алардын керектөөлөрүн канааттандырууга жардам берет.

Кошумча маалымат учун дарек:
Айсулу Мелисбек
Коомчулук менен байланышуу адиси
0773 819 459
Aisulu.melisbek@dr.kg


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× один = 9

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>