А. Атамбаев Москва метросунда аял өмүрүн сактап калган кыргызстандык Марат Исаевди белек сааты менен сыйлады


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында метродо адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргызстан жараны Марат Исаевди белек сааты менен сыйлоо чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы каарман аракети үчүн сыйлык иретинде Марат Исаевге акчалай жардам берүү буйругун чыгарды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин ою боюнча, биздин мекендешибиз чукул кырдаалда жоопкер жарандын жана нукура азаматтын өрнөктүү сапатын көрсөттү.

Кыргыз Республика Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре − = 2

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>