А. Атамбаев Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгууну Өкмөткө тапшырды (фото)


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-февралда, Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев пенсиялардын көлөмү ар бир төлөмөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөнүнө жараша болорун өлкө калкынын көпчүлүгү түшүнөрүн белгиледи. “Бирок практика көрсөткөндөй, азыркы система биздин элеттиктер жашап жана эмгектенип жатышкан кырдаалды жана шарттарды толук эске алган эмес. Азыркы система боюнча чакан жер үлүшү бар адамдар менен ири жер ээлеринин ортосунда теңсиздик орун алган», — деди Алмазбек Атамбаев.
 


Фото: Автора

 
Ушуга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин турмушка ашыруу максатында жана төлөмдөр боюнча жүктү адилеттүү бөлүштүрүүнү эске алуу менен тарифтерди кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселени кароого кайрылууну Өкмөткө жана Социалдык фондго тапшырды.

«Ошондой эле базарларда иштеген жеке ишкерлерди мамлекеттик камсыздандыруу боюнча маселени да өзүнчө бөлүп кароо керек», — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Өкмөт зарыл болгон эсептөөлөрдү тездетип, тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кезексиз тартипте кароосуна сунуш кылуусу зарыл деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


− 2 = один

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>