ЭКОНОМИКА

Ачык сессия

2013-жылдын 11-сентябрында өткөн Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин (У чакырылышы) кезектеги Х сессиясынан репортаж

                     ТАЗА СУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ
2013-жылдын 11-сентябры күнү Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин (У чакырылышы) кезектеги X сессиясы шаардык мэриянын  чоң жыйындар залында кеңейтилген тартипте болду.

Сессияга шаардагы АТО башчылары, үй комитеттери, согуштун жана эмгектин ардагерлери, мекеме ишканалардын,  окуу жайлардын жетекчилери жана маалымат массалык каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Күн тартибине бир гана  маселе сунушталды. Ал  Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу. Бул боюнча шаардык «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери атайын талкууга алынды.

Сессияны шаардык Кеңештин төрагасы Маткалыков Асылбек Жоробаевич жетектеп, кезектеги X сессисы ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолду.

Күн тартибиндеги маселени кароо колго салынып «каралсын» деген сунушту бир добуштан депутаттар колдошту.

Алгач видео-ролик коюлуп, анда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишкананын башчысы Сатыбалдыев Абдилазиз Амирович шаардык депутаттардан түзүлгөн топ менен биргеликте шаар ичиндеги таза суу менен камсыз кылуудагы айрым шаар тургундары уруксатсыз суу түтүктөрүн тешип, өз огороддоруна ичүүчү сууну пайдалангандыктарын, Сууканалга болгон даттануулары чагылдырылды.

Үч-Коргондон Кызыл-Кыяга келген суу түтүктөрүн «Боз» айылынын тургундары тешип, суунун көлөмүн азайтылганы, буга карата шаар жетекчилери жана Сууканалдын өкүлдөрү менен биргеликте иш аракеттер жүрүп жаткандыгын Сууканалдын жетекчиси Абдилазиз Амирович баяндамасында белгиледи.

Видео-ролик аяктаган соң Сатыбалдыев «Кызыл-Кыя Сууканалдын» 2009-жылдын 2013-жылга чейинки беш жыл аралыгында аткарылган иштери боюнча маалымат берди. Негизинен шаар ичиндеги суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, толугу менен жаңыланууга муктаж. Суунун басымы көбөйсө эски суу түтүктөрү туруштук бере албай тешилип жатат. Ошондой болсо да ишкананын кызматкерлери калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иштешип, оң абалга салууда. Ишкананын кызматкерлеринин айлык маянасы аз балгондуктан жумуштан бошоп кеткендиктеринин саны көбөйүүдө. 2013-жылдын сегиз ай ичинде 17 адам жумушка алынып 8 адам өз арыздары менен бошоп кеткен. Ишканада жалпысынан 124 жумушчу эмгектенет.

Таза суу пайдалануучу абоненттердин дебитордук карызы жылдан жылга көбөйүп жатат. 2010-жылы 3 млн 239 миң сом болсо, 2013-жылдын сегиз айы ичинде элдин таза сууга болгон карызы 7 млн 973 миң сомго жеткен.  Мындан сырткары Сууканалдын беш жыл ичиндеги финансы, ремонт, суу түтүктөрүнүн алмаштыруу иштери боюнча ар бирин далилдеп, депутаттарга жана сессиянын катышуучуларына баяндап берди, жетекчи.

Кызыл-Кыя Сууканалдын аткарылган иштери менен катар 2013-2014-жылдарга карата кабыл алынган планы менен таанышылды. Шаардын айланасындагы жаңыдан пайда болуп жаткан «Ирадан» «ПостГАИ» «Жинжиген» «Восток» «Восток 2″ жаңы конуштарды таза суу менен камсыз кылуу проектисин жана ага Кыргыз Республикасынын финансы Министерствосунун капиталдык ыйгарым эсебинен 120 млн сом сарптала тургандыгын маалымдады.

«Кызыл-Кыя Сууканалдын» жетекчисинин сессияда жасаган баяндамасы аяктаган соң, суроо-жоопко  өттү. Ар бир берилген суроого жетекчи канааттандырарлык жооп берди.

Сессиянын жүрүшүн жетектеген төрага суроо-жооптор токтотулсун жана жарыш сөзгө чыгуу боюнча колго салынсын деген сунушу кабыл алынып,   жарыш сөз башталды.

Алгачкылардан болуп шаардык Кеңештин депутаты Султанов Жалалидин чыгып сөз сүйлөдү. «Сууканалдын» беш жыл ичинде аткарган иштерине баа берип канааттандырарлык деп тапты. Депутат Дарипова Уулкан Сууканалдын аткарган иштерине сын-пикирлерге токтолду. Жергиликтүү бюджеттен алынган акча каражаттары менен жумуш аткарылса, ал эми ишкананын жумушчулары эмгек акынын ишкананын өзүнөн алынат, ал эми финансы иштерин ишкана өзүнчө жүргүзсө бул кандай?- деген оюн ортого салды. Ишкана толугу менен эле жергиликтүү бюджетке өтсө болбойбу?-деген сунушун айтып, ишкананын аткарган иштерин канааттандырарлык деп белгиледи.

Мындан сырткары жарыш сөзгө депутаттар Ажимаматов, Эранов М, Маматов А, Омурзакова С, Арапов М, Кыргызбаева Б, Жанибеков А, Жураев С, Балтабаев А, Тагаев Курманбектер сүйлөшүп,  «Кызыл-Кыя Сууканалдын» беш жылдык аткарган ишине ар түрдүү пикирлерди, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышып, негизинен аткарылган иштерге канааттандырарлык деген баа беришти.

Жарыш сөз токтотулсун деген сунуш түшүп, аны төрага добушка коюп бир добуштан жарыш сөз токтотулсун деген чечим кабыл алышты.

Жарыш сөз аяктаган соң ачык сессиянын катышуучуларына да сөз беришип, шаар калкын таза суу менен камсыз кылууда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштерине ыраазы экендигин билдиришти.

Андан соң трибунага «Абад» коомдук фонддун координатору Шералиев Каныбек чыгып, бүгүнкү ачык сессиянын жүрүшүнө жакшы баа берип, шаардык Кеңештин сессиясына шаар тургундары катышууга толугу менен укуктуу экендигин, мындан кийинки кезектеги сессияга да депутаттардан сырткары шаар тургундары катышса болот деген сөзүн айтты. Качан гана мамлекеттин деңгээлдеги маселе болуп калса анда жалаң эле депутаттар катышып жабык эшик артында өтө тургандыгын белгиледи.

Ушул менен сессия өз ишин аяктады.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу