Афган ардагеринин аты берилди (фото)


img_fon

Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айыл башкармалыгындагы афганчы Сабырали Казаковдун өзү жашаган көчөгө аты ыйгарылды.

Белгилүү “9-рота” кинотасмасындагы Фарах тоосундагы кандуу согуш ар бир көрармандын эсиндедир. Ошол айгашкан согушта 1 офицер жана 3 жоокер гана аман калган. Аман калган жоокерлердин ичинде Сабырали Казаков да бар эле.
Ошол согуштан алган жарат анын кырчындай өмүрүн алып, артында жары, ай чырактай балдары калды. Эл үчүн жасалган эрдик эстен чыккан жок. Бул ирет анын айылдаштары анын түбөлүк атын калтыруу үчүн, буга чейин Круговой, Колхозчу аталып келген көчөгө анын атын ыйгарышты.
 


Сүрөт: автордуку

 
Митинг-реквиемде, анын куралдаш курашы, Караван айыл башкармалыгынын аскер бөлүмүнүн башчысы Якупжан Мурзаев, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А. Маткалыков, шаардын мэри А. Халмурзаев жана башкалар эл үчүн жасалган эрдик эч качан унутулбай турганына токтолушту.

Маркумдун арбагына куран окулуп, ага келген элге баатырдын тууган-уругу ыраазычылыгын билдиришти.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× 4 = двадцать четыре

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>