Акча уурдалды


img_fon

Кызыл-Кыя шаарына жакын аймакта 29-апрель күнү уурдалган 1 млн. доллардан ашык акча каражаты Ош шаарынан Баткен облусуна жеткирилмек –деп билдирген, КРнын ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбай Касымбеков. Анын кандай максатта экендигин иликтөө иштерине байланыштуу толук маалымат бере албайм-деп кошумчалады.
Кол салуу 29-апрелде саат 13:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарына жакын аймакта болгон. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине белгилүү болгондой, Ош шаарынын жашоочусу өзүнүн унаасы менен Баткен облусуна бара жаткан. Анын жанында Кадамжай районуна чейин жеткирүү үчүн алып бара жаткан 1 млн. доллардан ашык акча каражаты болгон- деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.
Жабырлануучунун айтымында, анын унаасын Караван айылына жакын аймакта мамлекеттик номуру жок унаа тосуп, андан түшкөн бет капчан, камуфляждык форма кийген 2 адам ок атуучу курал менен коркутуп, акча талап кылган. «Кол салгандардын бири айдоочуну көзөмөлгө алып, кыймылдабай турууну талап кылып, экинчиси багаждагы акчаны алып кеткен. Кол салгандар акчаны алып кетип бара жатканда айдоочунун бетине белгисиз зат чачып жиберген», — деп айтылат.
Аталган факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш ишин козгоду.
Белгилүү болгондой, жабырлануучу «Жетиген» журналынын кызматкери.
Учурда аталган ишке катыштыгы бар тараптарды издөө жана аларды кармоо боюнча оперативдүү иштер жүрүп жатат.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


два + 5 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>