Акция өткөрүлдү


img_fon

Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагында 21-сентябрь күнү — Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнүнө карата акция өткөрүлдү. Бул тууралуу Тurmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Иш-чара мектеп окуучуларынын веложүрүшү менен коштолду. Бул иш-чарага С.Кожобаева атындагы мектеп-гимназиясы, М.Салихов атындагы орто мектебинин окуучулары, мугалимдери, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

Иш-чаранын аягында окуучулар тарабынан флешмоб уюштурулуп, «Тынчтык» деген жазуу менен журтчулукту тынч жашоого үндөштү.

Акциянын негизги максаты — Кыргызстан жана Тажикистан өлкөлөрү менен чектеш аймактагы элдин арасында тынчтыкты, туруктуулукту сактоону, коңшулаш өлкөлөр менен болгон мамилени чыңдоо жана даңазалоо болуп саналат.

Ошондой эле, Тынчтык күнү 19-сентябрь күнү Баткен районундагы Кызыл-Бел айылынын А.Масалиев атындагы орто мектебинде да өткөрүлдү. Иш-чарага аталган мектептин окуучулары, мугалимдери, Фергана өрөөнүндөгү «Тынчтык өрөөнү» түйүнүнүн мүчөлөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара мектеп окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду. Майрамдын экинчи бөлүгүндө кыздар арасында волейбол, балдар арасында футбол мелдештери менен уюштурулуп, 2-11-класстардын окуучуларынын арасында сүрөт сынагы өттү. Анын жыйынтыгы менен катышуучулар өздөрүнө керек баалуу белектер менен сыйланышты.

Тынчтык күнүн белгилөө демилгеси «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду, Фергана өрөөнүндөгү «Тынчтык өрөөнү» түйүнү жана GPPAC эл аралык уюму тарабынан колдоого ээ болуп, ишке ашырылды.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× четыре = 20

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>