Ар бир кесип ардактуу (фото)


img_fon

img_fonМугалим
Кызыл-Кыя шаарындагы № 7- кесипчилик лицейинде орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Вера Петровна Сайженкова, 40 жылдан ашык убакыттан бери бир кесипти аркалап келе жаткан кадырлуу мугалим.
«Мугалим-мөмөлүү дарак» демекчи, жаш кесип ээлерине орус тилин талбай үйрөтүп, алардын терең билим алуусуна өз салымын кошуп келет.

Айдоочу

Шаардагы 1-Май АТОсунда айдоочу болуп эмгектенип келе жаткан Ибрагим Ушаридзе, 35 жылдан ашык убакыттан бери бул кесипти аркалап келет.
 


Фото автора

 
Айдоочу катары ал өзү минген авто унааны ар дайым оң абалда кармап, шаардын таза болуусуна өз салымын кошуп, эл алкоосуна ээ болгон инсан.

Сатуучу

И. Жусубалиев көчөсүндөгү «Аида» дүкөнүн сатуучусу Сакина Ташполотова 20 жылдан ашык убакыттан бери сатуучу кесибинде эмгектенип келет.
 


Фото автора

 
Ал ар бир кардарга аяр мамиле жасап, кичи пейилдүүлүк, ийкемдүүлүк менен кадыр-баркка ээ болуп, сатып алуучунун суроо-талабын өз учурунда аткарууга аркетенип келүүдө.
Дүкөндөгү тазалык өзгөчө адамга таасир калтырат. Ар бир буюм өз ордун таап, кардарларды күтүп жатканына таң каласың.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити
Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


девять − 4 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>