“Ар кандай жагдайга карабастан, элдин үйүндө ар дайым свет болушу керек”


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 28-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгынын алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө «Өлкөнүн экономикасынын электроэнергетикалык секторунун абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн чаралары жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин аткаруунун жүрүшү жөнүндө» маселе каралды.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылуусунан кийин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруучу Валерий Диль жана Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев баяндама жасашты.

Баяндамачылар энергетикалык секторду өнүктүрүү, энергетикалык компанияларды башкаруу системасындагы рефомалар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пландарын, ошондой эле келе жаткан жылуулук берүү мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруучу Жоомарт Оторбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын лидерлери Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков, Максат Сабиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Батырбеков жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев өз сын-пикирлерин билдирип, талкууга катышышты.

Коргоо кеңешинин чечими менен борбордоштурууну жана натыйжалуулугун жогорулатууну камтыган энергетикалык секторду башкарууну реформалоо кыска мөөнөттө жүргүзүү зарыл экендиги белгиленди. Андан тышкары мамлекеттин энергетикалык потенциалын күчөтүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүнүп, аларды ишке ашырууну тездетүү милдети коюлду.

Жыйынды жыйынтыктап келип, Президент Алмазбек Атамбаев энергетикалык сектордогу бардык реформалар, элди энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталуусу зарыл экендигин баса белгиледи. “Ар кандай жагдайларга карабастан, аба ырайы кандай гана болбосун, элдин үйүндө ар дайым свет болушу керек. Аны үчүн Өкмөт зарыл чараларды көрүп, түрдүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүп, керектүү каражаттарды таап, колдон келген бардык аракетин жумшоого тийиш. Мындан ары Кыргызстанда эч кандай кезектеп өчүрүүлөр болбошу керек,” — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Коргоо кеңешинин жыйыны натыйжалуу өттү деп белгилеп, секретариатка бүгүнкү жыйындын катышуучулары тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди эске алуу менен тиешелүү чечимди толуктоо тапшырмасын берди.

Коргоо кеңешинин жыйынынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди тез арада ишке ашырууга киришүүгө тийиш экендигин баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


два + 8 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>