Аскердик парад 9-майда саат 10:00 Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтөт


img_fon

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, «Ала-Тоо» борбордук аянтта 2015-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги генерал-майор Асанбек Алымкожоев кабыл алган Аскердик парад өткөрүлөт.

Парад Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын жана Кыргызстандын элинин кошкон баа жеткис салымын салтанаттуу белгилөө үчүн өткөрүлөт.

Парадка Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүмүнө кирген аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери жана офицерлери, аскердик техника жана куралдар, ошондой эле авиация катышат.

Парадка мамлекеттик бийлик бутактарынын башчылары, мамлекеттин Президентинин Аппаратынын, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык миссиялардын жана өкүлчүлүктөрдүн башчылары, чет өлкөлүк элчиликтердин аскердик атташелери, башка расмий адамдар жана аскер кызматкерлери катышышат.

Аземден кийин расмий адамдар жана иш чаранын катышуучулары, ошондой Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери салтка ылайык «Ала-Тоо» борбордук аянтында орнотулган, талаа палаткаларында уюштурулган аскердик ашканага даам сызууга чакырылышат.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган, ардагерлерди урматтоо боюнча башка иш чаралар Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарынын эски аянтында дагы өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре − = 3

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>