Бөтөлкөлөш бөтөлкөлөшүн өлтүрүп


img_fon

Шаарда 57 жаштагы жаранды 28 жаштагы бөтөлкөлөшү телефонун уурдагандыгы үчүн сабап өлтүргөн.
Бул туурасында 4-июнда Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери билдирген. 1-июнда Кадамжай шаарында жашаган 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран Кызыл-Кыя шаарына барган. Спирт ичимдигин ичкен соң туруктуу жашаган жери жок кызыл-кыялыктар менен бирге түнөгөн.
Эртеси, 2-июнда анын уюлдук телефонун туруктуу жашаган жери жок жарандын бири уурдап алган.
Уюлдук телефонун уурдаган бөтөлкөлөшүн тапкан А.А. андан телефонун кайтарып берүүнү талап кылып, көп убакытка чейин сабаган. Андан качкан жергиликтүү тургун жашырынууга аракет кылып, жолдун боюна жыгылган. Жабырлануучу жыгылган жеринде каза болгон.
Учурда бул факты боюнча Кадамжай шаарынын 28 жаштагы тургуну камакка алынып, кылмыш иши козголду.

Сабыралы Абдукаримов «Мезгил жарчысы»


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


девять × 2 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>