“Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — 1998 жылдын 14-майындагы №61 “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин баалуу металлдар жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы Евразиялык экономикалык бирликтин келишимдик-укуктук негиздерине ылайык келтирүү.

Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


семь − 6 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>