БИЛИМ

«Байчечекей» балдар бакчасы ачылды

Кызыл-Кыя шаарындагы Южный кичи районунда «Байчечекей» аттуу жаңы балдар бакчасы ачылды.

Балдар бакчасынын ачылуу аземине КРнын Өкмөтүнүн Баткен областтындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков, Кызыл-Кыя шаарынын мэрии А. Халмурзаев, Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы А. Маткалыков баштаган шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, ата-энелер катышышты.

«БАЙЧЕЧЕКЕЙ» балдар бакчасынын ачылышы. Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

Алгач  Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Клара Каримова сүйлөп, балдар бакчаларына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын, аларга көрүлгөн камкордуктарга токтолуп, бүгүнкү салтанатты ачып берүү үчүн сөздү шаар мэрине узатты.

Сөзгө чыккан шаар мэри бул шаардагы 14 балдар бакчасы экендигин айтып, бул чек эместигин белгиледи. Андан кийин сөз алган КРнын Өкмөтүнүн Баткен областтындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков, балдардын эртеңки келечеги бүгүндөн башталарын айтып, балдар бакчасына муздаткыч менен кошо оюнчуктарды тапшырды.

Куттуктоо сөзүн сүйлөөгө чыгышкан  Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы А. Маткалыков, шаардын имам-хатиби, Ш. Кожониязов мырзалар мындай иштердин алга жылуусуна шаар мэринин салымы өзгөчө экендигин айтышып, аны колдоп-кубатташарын билдиришти.

Балдар бакчасы 200 орунга ылайыкташтырылган. Айлана-тегереги тосулуп, ыңгайлуу шарттар толук түзүлгөндүгүнө ата-энелер ыраазычылыктарын билдиришти.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу