Банк жеңилдик берет


img_fon

Банк жеңилдетилген насыяны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-мартта № 113 Токтому менен бекитилген «Айыл Чарбаны Каржылоо-3″ (мындан ары текст боюнча «АЧК-3″) долбоорун ишке ашырып баштагандан кийин берип баштады.
Максаттуу колдонууну камсыз кылуу үчүн жана «АЧК-3″ долбоорунун эффективдүүлүгүн көтөрүү максатында өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү боюнча критерийлер белгиленген. Ал критерийлерге ылайык мал чарбачылыгы боюнча II категориянын субьекттерине долбоорду каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан ашпаган бөлүгү каралган. Бирок бул көрсөткүч мал чарбачылыктын өзгөчөлүктөрүнө дал келбегендиктен, 2015-жылдын 20-апрелининде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун негизинде категориялардын үлүштөрү кайра каралып чыгып, насыялоонун жалпы көлөмүнүн 60 пайызы Кыргыз Республикасында Мыйзамдын негизинде тиешелүү түрдө каттоодон өткөн субьекттерге (айыл чарба кооперативдер, фермердик-дыйканчылык чарбалар, жеке индивидуалдык ишкерлер ж.б.), анын ичинде жеке тарап катары каттоосу жок иш алып барган чакан фермерлер үчүн бөлүндү.
Белгилеп кетсек, «АЧК-3″ долбоорун ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилген каражаттар дын көлөмү чектелген. Банк тарабынан бериле турган каражаттардын көлөмү чектелүү болгондуктан, калктын жеңилдетилген насыяларга болгон бардык суроо-талаптарды канааттандырууга жетишсиз. Ушуга байланыштуу, Банк тарабынан жеңилдетилген насыялар кезектин негизинде берилүүсүнө катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Алар электрондук журналда катталышат, кезектин номерин оңдоого мүмкүнчүлүк берилбейт.
Банк тарабынан жеңилдетилген насыя алуу үчүн кайрылгандардын арыздарын кароо процессин тездетүү максатында 400,0 миң сомго чейинки насыя алуучулар үчүн документтердин саны кыскартылган. Белгилей кетсек, Банктын кызматкерлери тарабынан насыя алуу үчүн түшкөн арыздар керек болгон бардык документтер Банкка тапшырылган күндөн тартып 7 күндүн ичинде каралып жатат, ошондой эле айрым учурларда кызматкерлер ченемден ашык жана дем алыш күндөрү да иштешүүдө.
Ал эми лизингдер жөнүндө сөз кыла турган болсок, лизинг долбоорлорун карап чыгуу процессине белгиленген убакыт кетээрин белгилеп кетүү зарыл. Анткени лизинг кардарга берилгенген чейин Банк бардык документтерди Финансы министрлиги менен макулдашып, андан кийинки этапта макулдашуулар донордук мекеме жана техника сатуучулар менен жүргүзүлөт.

Трактор сатып алууга каражат жетишсизби? Эң жакшы чечим -бул лизинг!
Лизинг-бул насыянын бир түрү, мында карыз алуучу, кийин толук сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен белгилүү бир мүлктү ижарага алат. Техниканы сатып алууга каражаты жетишсиз болгон фермерлерге жана ишкерлерге, каржылоонун жана бересени төлөп берүүнүн ийкемдүү жана ыңгайлуу тутуму боюнча керектүү жабдууларды алууга лизинг мүмкүнчүлүк берет.
100% мамлекеттик банк болуп саналган Айыл Банк, айыл чарба техникасын, адистештирилген техниканы жана башка жабдууларды төмөндөтүлгөн пайыздык чендер менен берүү боюнча мамлекеттик долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жатат.
Айыл Банк лизинг операциялары боюнча Кыргызстанда баштоочу болуп саналат. Лизингге берилген техниканын 95% Айыл Банк аркылуу берилет. 2011-жылдан баштап 2015 жылга чейинки мезгилдин ичинде 1 590 млн. сом жалпы суммасына 1573 айыл чарба техникасы берилди.
Фермердик жана жамааттык чарбалардын, агрардык сектордогу жеке ишкерлердин, чет өлкөдө чыккан керектүү кымбат баадагы техниканы жана жабдууларды Айыл Банктан лизингдин жардамы менен сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошону менен бирге лизинг алуучунун менчик салымы лизинг буюмунун наркынан 10%дан башталат.
2014-жылдын декабрь айынан баштап Айыл Банк Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) долбоору боюнча иштеп жатат, ошол долбоор боюнча Айыл Банк тарабынан АКШнын 20 млн. доллары өлчөмүндө, сом менен насыя берилип жатат, анын ичинен: АКШнын 18 млн. доллары лизинг операцияларын каржылоого жөнөтүлөт, ал эми АКШнын 2 млн. доллары айыл чарба техникасын жана жабдууларын тейлөөгө машина-техникалык станцияларды түзүү жана өнүктүрүү үчүн агросектордун жеке ишкерлерине берилет.
ЕАӨБ долбоору боюнча лизинг жана насыялар сом менен, 7 жылга, жылдык 9% менен берилет, минималдуу менчик салымы — лизинг буюмунун наркынан 20%. Ушул долбоордун алкагында, ЕврАзЭс өлкөлөрүндө, так айтканда Россия Федерациясында, Беларусь Республикасында, Казахстан Республикасында, Армения жана Кыргыз Республикасында чыгарылган айыл чарба техникасын жана жабдууларды лизингге алууга мүмкүнчүлүк бар.
2015-жылдан баштап Айыл Банк адистештирилген техниканын жана жабдуулардын лизинги боюнча пилоттук долбоорлор боюнча иштеп баштады, алардын ичинде төмөнкүлөр: курулуш, жол куруучу, коммуналдык, жүк ташуучу техника, суу транспорту, ошондой эле кайра иштетүүчү, өнөр жай, технологиялык, тамак-аш жана медициналык жабдуулар.
Ошондой эле Айыл Банк Ислам өнүктүрүү корпорациясы (ИӨК) менен жана Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (КМӨБ) менен кызматташтыктын натыйжасында алынган каражаттарды жайгаштырып жатат.
Мисалы, КМӨБнын каржылоо багыты боюнча адистештирилген техника лизингге доллар менен берилет, ал эми лизинг алуучунун менчик салымына жараша пайыздык чен 14%дан башталат.
Айыл Банк, Европадан, Кытайдан, Россиядан, Америкадан чыккан техниканы жана ар кандай жабдууларды сунуштоого мүмкүнчүлүгү бар болгон, техниканын жана жабдуулардын эң ири жабдып туруучулары менен иштеп жатат. Айыл Банкты техника жана жабдуулар менен жабдыгандар: «Автомаш-радиатор» ЖЧК, «Аталык групп» ЖАК, «Евразия Групп КТЗ» ЖЧК, YTO International LTD, ОсОО «YEMAGroupCo.LTD», ОсОО «Алга агро» ЖЧК жана башка компаниялар.
Техниканы жана жабдууларды лизингге кантип алса болот?
Чарбалардын өкүлдөрү жана жеке ишкерлер ишканасы жайгашкан жерде Айыл Банктын филиалына кайрылса болот. Лизингди алуу үчүн керек болгон документтер: лизинг алуучунун ишкердүүлүгү жөнүндө күбөлүктөр жана маалым каттар, паспорттордун көчүрмөлөрү жана башка документтер. Лизинг буюмунун маркасын жана түрүн тандап, табыштаманы толтуруп жана долбоор боюнча менчик салымды төлөп, лизинг алуучу 3-4 жуманын ичинде техникасын «колго» алат.

Сабыралы Абдукаримов «Мезгил жарчысы»


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


− восемь = 1

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>