ЭКОНОМИКА

Баткен элине Москвалык кыргыздардан акчалай жардам жиберилет

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Москадагы «Кыргызстан» соода борбор үйүндө «Мекен тагдырына кайдыгер эмесмин!» деген ураандын астында баткендик мигранттардын марафон-жыйыны болуп өттү. Ага жалпы катышуучулардан сырткары, Аксакалдар Кеңешинин мүчөлөрү жана жаңы шайланган төрагалары Т.Кубатбеков жана Р. Аттокуровдор катышты. Жыйында каралган негизги маселе — Баткен аймагындагы жол, чек ара көйгөйүндө жабыр тарткан айыл тургундарына акчалай жардам көрсөтүү кызуу талкууланды. Буга чейин өткөрүлгөн Москвалык кыргыздардын чогулуш-жыйындарында 80000 рубль акча чогулган болсо, бул марафондо 25000 рубль акча жыйналды. Жыйынтыктап келгенде, Аксакалдар Кеңеши Баткен жашоочуларынын учурдагы абалына тынчсыздануусун билдирген кат жолдоп, чогулган жалпы 105000 рубль акчаны 10-мартта жеткирип берүү милдетин аксакал М. Акжолов өз мойнуна алды. Баткен райондук Аксакалдар Кеңешинин төрагасы А. Камалов жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираевдерге көрсөтүлгөн жардам боюнча отчётун берүү жагы жүктөлдү.

Гульбахар Якубова, Москва шаары

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу