Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Ак-Булак айылында жайгашкан №9 орто мектепте машыгуу залы пайдаланууга берилди


img_fon

Мектептин директору Улукбек Маматовдун айтымында, кечээ, 20-майда машыгуу залы салтанаттуу түрдө ачылды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.
Мектептеги узун коридордун бөлүгүн өз күчүбүз менен оңдоодон өткөрдүк, деди директор.
Белгилүү болгондой, мектептин парламенти жергиликтүү ден-соолук комитети менен биргеликте машыгуу залын ачуу үчүн долбоор жазып, ал долбоор Кызыл Крест тарабынан колдоого алынган.
Айылдык ден-соолук комитетинин кабинет башчысы Шайра Махмудованын айтымында, залды ачууга шаардык мэрия тарабынан 27 миң сом, Кызыл Крест тарабынан 130 миң сомдон ашуун каражат бөлүнүп, жалпысынан 200 миң сомго жакын каражат жумшалды.
Айылдык ден-соолук комитетинин жетекчилиги тарабынан керектүү жабдуулар алынган зал жыл ичинде толугу менен иштеп, жалпы каалоочуларды — окуучуларды, мугалимдерди жана тургундарды чакырат.

Сабыралы Абдукаримов «Мезгил жарчысы»


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ четыре = 5

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>