Базарчылардын башы катууда


img_fon

img_fonШаардагы «Айбек» базарында, акыркы кезде соода-сатык деңгээли түшүп баратканына жеке ишкерлер күн санап тынчсызданышууда.
Алардын билдирүүсүндө айтылгандай, кээде, күн ичинде эчтеке сатылбаган учурлар да кездешет. Азык-түлүк дүкөндөрүндө гана соода жүрүп жатканы менен, бул жакта деле кардарлар арзан баадагы товарларга басым жасашат. Эгер, мурдагы убакта базардын өтмөктөрүндө өткөнгө жол жок болуп, киши көп боло турган болсо, учурда кардарлар жок, кээ бир дүкөндөр жабылып калган. Анткени, алар соодасынын жоктугуна байланыштуу, электр энергиясы үчүн убагында акы төлөй албай калышууда.
Соодагерлер бул нерсени АКШ долларынын көтөрүлүшү жана Россия рублинин арзандашы менен байланыштырышууда. Себеби, чет өлкөдө эмгектенип жүргөн эмгек мигранттары акча которо албай, акча алуу үчүн турган адамдардын кезеги да банктарда азайган. Божомолдорго караганда, шаардыктар акча каражатынын маселесинен улам, үйлөрүнө артка кайтышууда.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


6 − = три

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>