Бир Болчулар


img_fon

Кызыл-Кыя шаарында «Бир Бол» партиясынын лидерлеринин шаар тургундары менен жолугушуусу өттү. Кулатов атындагы стадионго толгон 10 миңге чукул шайлоочулар «Бир Бол» партиясын меймандостук маанайда жылуу тосуп алышты. Эл алдына партиядан талапкерлер Улугбек Ормонов, Абдыжапар Бегматов, Эрмамат Тагаев, Куслидин Исаков, Айбек Эрмеков, Абдиалим Исманов, Каныбек Эргешевдер чыгышты.
Сөз кезегинде Кызыл-Кыянын кулуну Каныбек Эргешов «Бир Бол» партиясынын катарындагы чыгаан, деңгээли бардык жагынан бийик инсандар экенин белгиледи. Партия учурда эл арасында зор колдоого ээ болуп жатканын, Каныбек Эргешев Ош шаарында болгон жолугушууга 30 миңден ашык адам келгени менен тастыктады.
«Бардык чыгаан инсандардын башын кошкон Алтынбек Сулайманов, эки мурдагы премьер-министр, эки генерал-лейтенант, Акылбек Жапаров, убагында малга паспорт киргизүү тууралуу айтты эле, калк аны шылдыңга алган эле, эми болсо эч бир документсиз мал продукциясын экспортко чыгара албайбыз», — деп, партиянын катарындагы инсандарды, алардын убагында көтөргөн демилгелерин эске салып өттү.
Каныбек Эргешев партиянын түптөөчүсү Алтынбек Сулаймановдун спортту өнүктүрүү айдыңындагы иш-аракеттерине токтолуп, «Жаш күч» спорт клубунун балдары чет өлкөлөрдө жетишкендиктерди көрсөтүп жатканын айтты. Сөзүнүн соңунда талапкер Кызыл-Кыя шаарына көрсөтүлүп жаткан колдоолорду санап кетти.

 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× семь = 21

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>