Бир күндөгү үч майрам


img_fon

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук жана дене тарбиячылар күнүнө жана Апрель революциясына карата Кызыл-Кыя шаарында эстафета өткөрүлдү. Ага мектеп окуучулары, студенттер, жумушчулар жана мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Эстафета 8 этаптан түзүлүп, ар бир этапта 8ден катышуучу болду. Жалпы узундук 2 чакырымга созулуп, чуркагандарды шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кайгуул кызматынын жана “тез жардам» бригадасынын авто унаалары коштоду.
Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай байгелер менен сыйланып, аны шаардык кеңештин төрагасы Асылбек Маткалыков тапшырды.
Мектеп окуучулары арасында 1-орунду №7 орто мектеп, 2-орунду №11 орто мектеп, ал эми 3-орунду №4 орто мектеп ээледи.
Студенттер арасында 1-3-орунду медициналык колледждин студенттери алса, 2-орунга Тоо, кен-техникалык колледжинин студенттери ээ болушту. Адат болуп калгандай, бул мелдеште улуу курактагы спорт сүйүүчүлөр дагы чуркашты. Алардын арасында дайыма чуркоо мелдешине катышып келген Насридин Сапидинов жеңишке жетишип, 2-болуп маарага Сидик Орозов келди.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


− пять = 1

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>