Бишкек шарынын Ленин райондук сотунун төрагасынын жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктары токтотулду


img_fon

2015-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча төмөнкүдөй токтом кылынат:

Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:

— 2015-жылдын 23-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Оморова Максуда Мадиевнанын;

— 2015-жылдын 26-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасы Астаркулов Шаршенбек Касаболотовичтин.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ девять = 14

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>