Бүтүрүүчүлөрдүн кол кабышы


img_fon

img_fonКызыл-Кыя шаарындагы Караван айылында жайгашкан Мураталы Күренкеев атындагы орто мектептин директору Рабия Мусаева эжекенин билдирүүсүндө, май айынын аягында ушул мектептин 20 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн салымы аркасында, 1 комплект компьютерди алып келип өздөрү окуган класска орнотуп беришсе, 30 жыл мурун бүтүргөн окуучулар мектептин бир класстын айнек-терезелерин пласткадан койдуруп, жылуулап беришкен.

Мына ошол класстарда бүгүнкү күндө мотурайган бөбөктөр билим алышуу менен бирге, классты жаңылап берген ага-эжелерине чын дилдеринен ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Мектепти бүтүрүп кетишкен окуучулардын мындай демилгелери, кол кабыш кылган жакшылыктары жаш жеткинчектерге үлгү болоруна шеек жок.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити
Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


8 × = сорок

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>