Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюлду


img_fon

Кыргыз Республикасынын Судьяларынын тандоо боюнча кеңеш Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотторунун судьялары кызматтарына дайындоого 13 талапкер боюнча сунуштарын киргизген.

Мамлекеттик органдардан алынган түрдүү маалыматтар менен колдо болгон материалдарды изилдөөнүн негизинде жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, Мамлекет башчысы сунуш кылынган 3 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 10 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.

Конкурстук тандоонун жыйынтыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 3 жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен конкурс менен тандалган 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык 2015-жылдын 7-майынан баштап мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты:

— Асанов Эрлан Жекшенбекович;

— Бекбаева Нурия Хусаиновна;

— Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;

— Есеналиева Гүлжан Шаршенбековна;

— Курманов Ашырбек Такишович;

— Осмонова Шааркүл Келдибековна;

— Садырова Чинара Идрисовна;

— Султаналиев Нурлан Туруспекович;

— Эгембердиева Анар Раимжановна;

— Эшалиев Азис Маратович.

Экинчи Жарлык менен менен жергиликтүү соттун дайындалган 10 судьясы 2015-жылдын 7-майынан баштап Ысык-Көл облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Чүй облусунун райондор аралык сотуна:

— Асанов Эрлан Жекшенбекович;

— Курманов Ашырбек Такишович;

— Осмонова Шааркүл Келдибековна;

— Султаналиев Нурлан Туруспекович;

Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна:

— Бекбаева Нурия Хусаиновна;

— Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;

— Есеналиева Гүлжан Шаршенбековна;

— Садырова Чинара Идрисовна;

— Эгембердиева Анар Раимжановна;

— Эшалиев Азис Маратович.

Үчүнчү Жарлык менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары толук курамында кызматынан бошотулду:

Чүй облусунун райондор аралык сотунан:

— Качкыналиева Динара Шахтербековна;

— Курманов Ашырбек Такишович;

— Осмонова Шааркүл Келдибековна.

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунан:

— Бекбаева Нурия Хусаиновна;

— Есеналиева Гүлжан Шаршенбековна;

— Карагулова Бермет Бейшеновна;

— Нурманбетов Эрмек Болотканович;

— Нурунбетов Жыргалбек Балтагулович;

— Садырова Чинара Идрисовна;

— Саяков Жанышбек Ильясович.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун сот корпусу жаңыланды. Конкурстук тандоодон азыркы 5 судья өттү, ал Кеңеш тарабынан сунушталгандардын теңин түзөт.

Мурда сот тутумунда иштебеген жаңы 3 судья келди. 10 судьянын 6 — аялдар.

Конкурстук тандоону өткөн 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык судьялар болуп биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун бош болгон судьялардын кызматтарына мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан сунушталган талапкерлер боюнча белгиленген тартипте тиешелүү жол-жоболор жүргүзүлөт.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре + = 7

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>