Чакан бирок, кирешелүү


img_fon

img_fonАкыркы мезгилде чакан күнөсканалар кеңири кулач жайып баратат. Жакында эле Караван айылынын тургуну Батырали Зулпуев Новосибиркий шаарынан 12 кв.метр жерди ээлеген күнөскана сатып келип, андан аз гана убакыттын ичинде 400 кгдан ашык бадыраңдын жана помидордун түшүмүн алууга жетишкен.
Бул күнөскананын артыкчылыгы чакандыгында эле эмес. Поликорбанат менен жабылгандыктан ысык тамчылар жашылчаларга эч кандай таасир тийгизбейт. Көчүрүп жүрүүгө ыңгайлуу, түрдүү ооруулардан жашылчаны сактай алат. Аз гана чыгым менен көптөгөн кирешелүү булак болуп бере алат. Батырали акенин жубайы Санталат Жолдошева өзү химик болгондуктан, эч кандай химиялык заттардын кошулмалары жок эле экологиялык таза жашылча алганын сыймыктануу менен билдирди.
Быйыл «Маргиланский» сорттундагы 100 түп бадыраңдын өзүнөн эле 250 кгдан ашык түшүм алып базарга сатпай эле коңшуларына таратып берген. Эми кыштын ызгаарына карабай жашылчанын жаңы сортторун эгүүнү пландаштырып жатышкан чагы.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити
Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× один = 9

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>