Чаламандын чак түшүндө


img_fon

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрь күнү саат 23:30дар чамасында Баткен районунун Аксай айыл округуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну 1938-жылы туулган Ражап Алиев өзүнүн үйүндө үй-бүлөсү менен отурган учурда белгисиз адамдар ооздорун ак чүпөрөк менен тосушуп, бирөөсү колуна бычак кармап, Р.Алиевдин үч баласы тең майып экенин билип туруп коркутуп, акча талап кылышкан.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышкерлер карыянын тойго барам деп катып койгон 20 миң сом акчасын таап, алып кетишкен.

Окуя боюнча Баткен РИИБи тарабынан ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кечээ, 20-сентябрда кылмыштын изи сууй электе Баткен шаарынын туругундары 21 жаштагы К.Н., 20 жаштагы А.К., 16 жаштагы Э.К., Баткен районунун тургуну 18 жаштагы И.М. жана Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 18 жаштагы Ш.Б. аттуу жарандар кармалды.

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттук-медициналык, дактилоскопиялык экспертизалар дайындалды жана далил буюмдар алынды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


4 + = тринадцать

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>