Чек ара коздун кареги


img_fon

21-сентябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикерим Алимбаев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жениш Разаков жана тиешелүү министрликтердин, кызматтардын өкүлдөрү Баткен облусундагы майор К.Абдуллаев атындагы «Коргон» чек ара тозотунда болду.

«Коргон» чек ара тозоту Баткендин эң алыскы Зардалы айылы менен чектешет. Вице-премьер-министр чек арачылардын жашоо шарты менен таанышып чыгып, жергиликтүү жашоочулар менен да жолугушту. Жергиликтүүлөр жол, суу, телефон байланышынын жоктугу жана электр энергиясы тууралуу маселелерин айтышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

А.Маматалиев жол, телефон байланышы тууралуу маселени чечүүнү тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнө тапшырма берип, жергиликтүүлөр тарабынан айтылган маселелер сөзсүз чечиле турганын белгилеп, кичи ГЭС куруу зарыл экендигин кошумчалады.

«Коргон» чек ара тозоту 72 чакырым аралыктагы 7 ашууну коргоого алышкан. Зардалы айылынын жашоочулары байланыш кызматтарында жана медициналык жардамга муктаж болушканда аталган заставадагы кызматтардан пайдаланышат. Кар түшкөн убакта кар тазалоого атайын техникалар да алынган. Аталган аймакта 1999-жылы басып кирген террористтер менен кармаш жүргөн.

Чек ара кызматынын орун басары Абдикерим Алимбаевдин айтымында, аталган жайда кыргызстанга таандык тик учакка террористтер тарабынан ок атылып, арткы канатына ок тийген тик учак жерге конууга мажбур болгон.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× шесть = 42

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>