Чептен эрдин күчү бек


img_fon

Баткен облусундагы эң алыскы чек ара тозотторунун бири — майор Канат Абдылдаев атындагы «Коргон» чек ара тозоту.

«Коргон» чек ара тозоту Баткендин эң алыскы Зардалы айылы менен чектешет. Бул тозотто кызмат өтөгөндөр кыргыз-тажик чек арасын кайтарууга алат.

К.Абдылдаев 2006-жылы «Коргон» чек ара тозотунун зардалы болуп кызмат өтөгөн. 2010-жылы июнь айында Ош окуясында окко учкан. Анын эрдигин унуттоо калтырбоо максаты менен өкмөттүн 2011-жылдагы буйругу менен «Коргон» чек ара тозотуна ысымы берилген.

«Коргон» чек ара тозотунда Канат Абдылдаевдин фамилиясы аскерлердин эртең менен катарга тизилгенде сөзсүз айтылышы адатка айланган. Ал кызмат өтөп жүргөндө жаткан керебети, кийген баш кийими, бүгүнкү күндө аскерлер жатуучу бөлмөгө коюлган. Ал жерде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери К.Абдылдаевдин эрдиктерин эскерилип турат.

Канат Абдылдаев 1981-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Бишкек аскердик авиациялык учкучтук-техникалык окуу жайын артыкчылык менен бүтүрүп, юрист адистигине да ээ болгон. 2006-жылы Баткен облусундагы эл аралык бандалык түзүлүштөрдү жок кылууга катышкан. Ал «Ак-Шыйрак» чек ара тозотунун зардалынын орун басары, «Бедел», «Көк-Таш», «Коргон» чек ара тозотторунун зардалы болуп кызмат өтөгөн.

2008-жылы Пакистанда атайын мектепте террорчуларга каршы даярдык курсун бүтүргөн.

2010-жылдын апрель айынан баштап КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын Башкы оперативдик башкармалыгынын мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн улук офицери болгон.

2010-жылдын 12-июнунда Ош шаарындагы коогалаң учурунда өлтүрүлгөн. Маркумдун артында 2 кызы калды.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


8 − = семь

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>