Демилгеге дем берип


img_fon

img_fonБУУнун жардамы менен
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Мектеп балдарынын тамак ашын оптималдаштыруу долбоорунун 1-этабын ишке ашырууда Кадамжай районуна каращтуу «Бирлик» айыл округунун аймагындагы «Эшме», Б.Алыкулов, О.Тешебаев, А.Солтонов атындагы орто жана Моло толук эмес орто мектептери өтө жигердүү аракеттеништи.
БУУнун сурамжылоолорунун натыйжасы менен 2013-жылдын апрель айында пилоттук долбоор катары Бирлик айыл округундагы аталган мектептерди тартуу менен бул мезгилден баштап аталган мектептин директорлору долбоорду ишке ашыруу үчүн коюлган татаал шарттар жана оор талаптарды аткарууга бел байлашкан. Айыл ичинде ата-энелерге, коомчулукта аттуу баштуу демөөрчүлөргө, жамааттык топторго жана айыл округунун кызматкерлерине, айылдык кеңешке түшүндүрүү иштерин жасап, коюлган талаптар ишке ашса БУУ тарабынан берилчү сапаттуу ашкана эмеректери, окуучулардын ден соолугу үчүн берилчү байытылган ун сыяктуу жардамдарды туура максаттуу жеткирүү менен бул жумушка коомчулукту тарта алышты.
Барпы Алыкулов орто мектеби долбоорго кирген жалгыз типтүү мектеп. Мектеп жетекчиси-Болду Жалалова. Мектепте 1-4-класстагы 180 окуучу ысык тамак ичишет. Союз ураган соң мектеп ашканасынын иши солгундап, эскилиги жетип калгандыктан алмаштырылып, таза суу жана канализация түтүктөрү толугу менен оңдолуп, тазаланып ашкана таза суу киргизилип, аристонго туташтырылып окуучулардын кол жуусу жана идиш аякты жуубу үчүн ысык суу сыяктуу мыкты заманбап шарттар түзүлдү. Бүгүнкү күндө директор тарабынан стим.грантка атайын проект даярдалып 15млн.сом акча каражаты менен толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, район мектептериндеги алдыңкы ашканалардын бири болуп калды. Демөөрчүлөрдүн жана ата-энелердин жардамы менен окуучулардын тамак-ашы үчүн күнүнө 2 сомдон кошумчаланып, мамлекеттик бюджеттен 10 сом, БУУнун ДАТП байытылган уну 1.5 сомду түзүп жалпысынан ар бир окуучу күнүнө 13 сомдон тамктанышууда. 1-блюда боюнча жумасына 4 жолу ысык–тамак менен камсыздалышты. Айыл округу бул долбоор үчүн 2 миң сом акча каражатын бөлүштүрүшкөн.
Ал эми тоо боорундагы Сырт айылындагы О.Тешебаев атындагы орто мектеби бул долбоорду ишке ашырууда бир топ эле түйшүк тартышты. Анткени тоодон ылдый аккан Гороту жайлоосунун бооруна суу топтогуч, суу тунуткуч суу дезинфекциялагыч бөлүктөрдү цементтеп бекемдеп, жасап, ал аркылуу 600 метрден ашык тоодон таза суу түтүктөрүн жер казып жаап, мектеп ашканасына алып келүүгө демөөрчү жана жумушчу күчтү табуу бул мектеп жетекчиси-Эсенов Каныбектин баа жеткис эмгеги. Бул түйшүккө кошумча ата-энелердин демөөрчүлөрдүн жана айыл округунун жардамы менен, 2012-жылкы жер титирөөдө жараксыз абалга келген мектеп ашканасын, жаркыраган заманбап куттуу ашканага айландырууга бир топ акча каражатын жумшашты. Электро-монтаж иштери ашкана эмеректери менен толуктоо жана башка майда барат иштер да бир топ түйшүк менен финансылык каражатты талап этти. Ушундай түйшүктүү аракеттер аркылуу ашкана толук конфорттуу ашканага айланды.
Бул долбоорду Жаанова Алтынай жетектеген «Эшме» орто мектеби да кубануу менен кабылдашты. Эжеке эки чылбырды бир колго кармап АРИС программасына мектеп ашканасына атайын стол, стул сыяктуу жабдыктар үчүн долбоор жазып аз убакта 100 миң сомдук заманбап үлгүдөгү эмеректер мектеп короосуна түштү. Мектеп ашканасынын тардыгынан атайын бир класстык канааны окуучулардын тамактануусу үчүн, бир канааны тамак-аш даярдоо үчүн атайын бөлмөлөрдү сапаттуу ремонттон өткөрүп, заматта БУУ тарабынан берилген сапаттуу ашкана эмеректерине шайкеш келген эки бөлмө даярдалды. Мектеп короосунан таза суу тутугу ашкана ичине тартылып, окуучулардын кол жуусу жана идиш–аяктарды жуу үчүн ысык сууга туташкан ыңгайлуу шарт түзүлдү. Демөөрчүлөр айыл округунан жана ата-энелерден бул долбоорду ишке ашырууга жалпысынан сомдук каражат тартылган.
Элдик ашар жолу менен курулган А. Солтонов атындагы орто мектеби долбоорду ишке ашырууга жакшы эле түйшүктөнүштү. Анткени, мектеп ашканасы жоктугунан жаңы ашкана куруу заарылчылыгы жаралып, жайкы эс алууну Бактыяр Орунбаев баштаган жамаат курулуш иштери менен өткөрүштү. Мугалимдик кредону жыйыштырып коюп, жай саратан аптабында аялдар ылай чалып кыш куюп, эркектер жыгач чаап, дубал тургузушту. Албетте эл да карап турган жок. Эл уста акысын топтоп, эли ичинен чыккан патриот демөөрчүлөр бирөө фундамент үчүн цементин, бирөө машина менен таш топурагын ташып, жерин суруп, дагы бирөө чатыр үчүн шиферин жеткиришти. Айыл округунун бюджетинен акча каражаты бөлүштүрүлүп 2 айда жалпы сметалык суммасы-250000 ди түзгөн үч бөлмөлүү заңгыраган заманбап ашкана ишке берилди. Таза суу жана канализация түтүктөрү орнотулуп, сапаттуу ремонт иши жасалып ноябрь айынын башында 65 окуучу жаңы ашканадан ысык-тамак жеп калышты. Албетте бул жерде баары жакшы деген туура эмес. Себеби мектеп ашканасы убакыттын тардыгынан жана финансылык тартыштыктан ашкананын полу жана тышкы шыбоо, сырдоо иштери турат. Жакында окуучулар тамактаануучу залдын полу айыл өкмөтүнүн каржылоосу менен бүткөрүлдү. Бүтпөгөн иштерди бүтүрүү үчүн мектеп директору аракеттенүүдө.
Мындан эки жыл мурда элди иш менен камсыздоо борбору аркылуу курулган ашканасы бар «Моло» толук эмес орто мектеби да бул долбоор менен иштешүүдө жигердүү аракеттерди жасашты. Ремонт иштери толук бүтө элек ашкана сапаттуу ремонттон чыгарылып, полуна линелиум төшөлдү. Мектеп жетекчиси-Асилбек Анарбаев 87 окуучу үчүн бардык шарттарды түзүп, бүгүнкү күндө мектеп балдарына жумасына үч жолу сүт оокат берүүгө жетишти. Жаңы жетекчи үчүн бул долбоор зор жигердуүүлүктү жаратты.

Долбоордун ишке ашышына мындан тышкары Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Кадамжай райондук санитардык көзөмөл борборунун эмгеги баа жеткис. Анткени Мыркалдин Абдубахапович баш болгон топ долбоордун башында тизеси менен тик туруп, ашканадагы абал, иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жөнгө салып, тендердик иштердеги тактыкты жана максаттуулук үчүн шарт түзүп, район аймагындагы ашкана кызматкерлеринин ишин жөнгө салуу максатында бир нече жолу райондук, облустук деңгээле семинарларды уюштурса, Ысмайыл Карабаев баштаган даарыгерлер ашканадагы санитардык талаптар, дезинфекциялык каражаттар менен камсыздап, тамак жасоонун технологиялык карталарын иштеп чыгып, опол тоодой эмгек жасашты.
Ушундай демилгелүү аракеттер жана жетишкендиктердин натыйжасында зор ийгиликтер жаралып, БУУнун ДАТП 1-этабын ишке ашырууда аталган Бирликтеги 5 мектептин иш аракети түштүк регион боюнча эң мыкты деп табылып, долбоордун 2-этабында 7 мектепти тартууга льготалык орун алып берүүгө өбөлгө болду.

Орунбаев Бактыяр, Кадамжай районундагы А.Солтонов атындагы орто мектебинин директору.

Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


семь + = 9

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>