Депутат айымдын деми (фото)


img_fon

img_fonУлуу Ата Мекендик Согуштун 70 жылдыгына карата ар бир атуул өз салымын кошуп, Жеңишти биздин муунга жеткирген ардагерлерге көздүн карегиндей мамиле жасап, ыйык сезим менен таазим кылгандарды көрүп туруп чын дилден ыраазы болбой койбойсуң.
Мына ушундай саамалыкка кол сунган Кызыл-Кыя шаардык Кеңешине СДПКка фракциясынан депутат болгон айым Алибаева Венера Курсановна жакында, Кызыл-Кыя шаарындагы Кулатов көчөсүндөгү 126-үйүнүн 2-батиринин жашоочу, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери, 90 жаштагы Абдулхай Гайнулиндин үйүндө болуп, анын ал-абалын сурап, аздыр-көптүр белегин берип кайтканына өзүбүз да күбө болдук.

 


Фото автора

 

Мына ушул жолугушуудан кийин депутат-айым менен бетме-бет олтуруп, анын учурдагы максаттары, ой-кыялдары, деги эле жашоо-өмүрүнүн урунттуу учурлары жөнүндө сөз кылуусун өтүнгөнүбүздө, макул болду.

Балалыктан калган бакыт

Кызыл-Кыя шаарындагы Олег Кошевой атындагы мектеп интернаттын эшигин аттап, билим уясына келген кичинекей Венера алгачкы «а» тамгасын тааныгандан баштап эле, өзүнүн анкетасындагы «-ким болосуң?» деген суроого, «-сот болом»-деп жазчумун деп эскерет каарманыбыз. Ошентип жазган менен мектептеги көркөм чыгармачылыкка такай каттап, ырдап, бийлеп класстын азыркыча айтканда «лидери» болгон. Кандай гана кече болбосун ал өзүнүн тайманбастыгы, өткүрлүүгү менен алдыга озуп, мектеп мугалимдеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келген.

 


 

Бул өзгөчө бактылуу күндөр эле. Мына ошол бактылуу күндөрдүн башаты болгон бийиктик «Рудниктеги» (эски шаар) үйүнүн алдында өскөн жалгыз жаңгак менен жашташ десек аша чапкандык болбос. Анткени 10 жашка чыкканга чейин, жаңгактын бийик жерине чыгып, көп улутту молдовар, татар, азербайжан, орус кемпир-чалдардын көңүлүн көтөрүп бийик үн менен алардын алкышын эчен ирет алгандыгын, азыр да классташтары кубаныч менен эскеришет.
Ошентип орто мектепти аяктап, Оштогу МЮИнун юридикалык факультетине кирип, аны 2007-жылы «артыкчылык диплому» менен аяктайт. Бирок, ошого карабай эмгек жолун Кызыл-Кыя шаарындагы «Телеком» ишканасында алгач телефонист, андан соң оператор болуп иштейт. Жылдап топтогон тажырыйбанын аркасында ушул эле ишкананын инженер- нормировщиги болуп дайындалат. Эмгек жолундагы бул ишканада жети жылдан ашык иштегенин андагы эмгек жамааттын ынтымактуулугу, биримдүүлүгү, бири-бирине болгон ыйык мамиледен го дейт.

Эңсеген кесип ээси же тагдыр түйшүгү

Жашоонун айланма дөңгөлөгү токтомок беле?.. Бул аралыкта өмүрлүк жолдошу Мелис Гульматов менен баш кошуп, Индира, Гүлчехра, Гулина аттуу кыздардын энеси болуп калат. Өмүр бою жүрөгүнөн эңсеген кесибин аркалап иштөөгө бел байлаган каарманыбыз, Оштогу ЮК-2 (юридикалык кеңсе) мекемесине кирип жактоочу болуп кызматка орношот.

 


 

Анын мектеп партасындагы эңсөөсү ишке ашып, белгилүү юристтердин жардамы менен иш тажырыйбасы артып, мыйзамдуулуктун миң түрлүү кыр-ашуусун билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эл көзүнө көрүнүп, алгачкы аракеттердин аракасында, аны Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүп, СДПК фракциясынан талапкерлиги тандалат. Ошентип учурда депутаттык кызматты аркалап келүүдө.

Кызмат кыйынчылыгы жана ырахатты

Депутат деген кимдир бирөөгө бийик, дөөлөттүү адам катары элестеши мүмкүн. Анын сандаган түйшүгүн тартуу да өзүнчө экендигин депутат болгондон кийин түшүндүм. Башкасын айтпаганда да, шайлоочу алдындагы милдетиң башкы экен. Кыска убакыттын ичинде көп нерсе жасоо кыйын. Ошого карабай Январский кичи районуна жашоочулардын өтүнүчүн аткаруу үчүн жер төлөөгө спорт зал, 5-7- үйлөр курулгандан бери суу чыккан эмес экен ага суу чыгарып берүү, ошол эле жерге жайкы ашкана ачуу, 7-үйгө канализация куруп берүүнү ишке ашырдым. Буга шаардагы «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык менчик ишканасынын башчысы Абдилазиз Сатыбалдыев жетектеген ишканасынын техникалары түздөн-түз жардамга келди. Андыктан аларга терең ыраазычылыгымды билдирем.
Мындан сырткары Чехов көчөсүндөгү 9-11-13 үйлөргө жана Юбилейный көчөсүндөгү 5-7-үйлөргө «көгүлтүр от» киргизүү алдында турабыз.
Ушуга удаа эле ар бир мага кайрылган жаранга социалдык, укуктук маселелерде кол кабыш кылуудамын.
Алдыдагы максаттарымдын бири Юбилейный көчөсүндөгү үйлөрдүн алдына өзгөчө кооздуктагы шиттерди орнотсом дейм. Кичи райондогу үйлөргө заманбап канализацияларды куруп, элдин маданияттуу жашоосуна шарт түзүүгө салым кошкум бар. Аша чапкандык болбосун көп кабаттуу үйлөрдүн четине ажаткаларды курдуруу да планымда.

Депутат үнү-музыка кайрыгында

«Ыр-дүйнөнүн ачкычы» деген сөз бар. Анын сыңарындай, депутат айымды көпчүлүк шаардыктар уккулуктуу үнү, сыйкырдуу добушу менен аны ырчы айым катары да жакшы билишет. Бул туурасында да ага суроо узатканыбызда:
-Балалыктан калган бакыттымдын бири ушул го- деди жадырап. Атам Курсан өмүр бою бухгалтер болуп иштеп өтсө да, аккардион менен баянда ойноп, мыкты ырдоочу.

 


 

Апам Касиет Эргешова 60 жашка чыгып калганына карабай, азыр деле кээ-кээде үн созуп ырдаса ышкы отум тутана түшөт. Бир тууган сиңдим Барчын юрист болгонуна карабай ал дагы ырдайт. Кыскасы үй-бүлөбүз менен ырчыбыз. Минткенимдин себеби менин дагы 3 кызым ырдап,бийлеп жүрөт. Чоң кызым Индира балдардын музыкалык окуу жайында 3-класста фортепианодон сабак алууда.
-Кимдердин ырларын ырдайсыз?-дедик сөз арасында.
-Бек Борбиевдин «Жаз жамгыры», «Келчи гүлүм мага», «Делбирим», «Ах, байке», «Сүйүү, сүйүү», Алла Пугачеванын «Миллион роз», «Паромщик», София Ротарунун «Луна, луна», Ани Лоректин «Забираю рай» жана бир топ ырларды ырдап жүрөм.
-Бул сиздин хоббиңизби же чоң сахнага даярдыгыңызбы?
-Жо-ок, кокуй. Өзүм үчүн эле ырдайм. Айрым учурларда гана көпчүлүк алдына чыкканым болбосо, көбүн эсе өзүм үчүн эле…
Маектешүү учурунда анын тайманбас, көктүнө да баа бердик. Ошол кайратмандыкка оролгон мээримди да жашыра алган жок. Төгүлүп чачылып турган жаш депутаттын жан-дүйнөсүндө дагы ачылбаган сыр бар өңдүү туюлду. Кыскасы, кудай буйруса аны да аңдап көрөрбүз. Бар бол, жаштык дем, кайратуу курак.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


8 − четыре =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>