Эмгек майрамы менен куттуктоо


img_fon

Президент Алмазбек Атамбаевдин Эмгек майрамы менен куттуктоосу

“Урматтуу мекендештер!

Жаз жана Эмгек майрамы менен баардыгыңыздарды куттуктайм!

Бул күн — жаратман эмгеги менен өз үй-бүлөсүнүн, айылынын жана өлкөсүнүн өркөнүн өстүрүүнүн майрамы. Бул күн — жакшылыктын жана адилеттиктин, эмгек адамынын урмат-сыйга бөлөнгөн күнү. Бул күн — көп улуттуу кыргызстандыктардын достугунун, ынтымак-ырашкерлигинин жана биримдигинин символу.

Кол жана акыл эмгеги менен гана биз өзүбүздүн да, өлкөбүздүн да, келечегине жол чаба алабыз. Талыкпаган мээнет менен гана мамлекетибиздин коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кыла алабыз.

Быйылкы улуттук экономиканы чыңдоо жылында ар бирибиз “өз үй-бүлөмө, Кыргызстаныма кандай салым коштум?” деп суроо коелу. Соңку жылдары өз турмушун жакшыртып, өлкөсү үчүн жан үрөгөн жаратман муун өсүп келатканы кубандырат.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Жазгы жаркын майрамыңыздар кут болсун, ар дайым жасаган ишибизден баар таап, ак эмгегибиздин акыбети кайтсын!

Сиздерге үй-бүлөлүк бакыт, бейпил турмуш, бакубат жашоо каалайм!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев”


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


− 1 = восемь

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>