Эл агылган оорукана (фото)


img_fon

Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык оорукананын оброю акыркы жылдарда бир топ жогорулап, ага агылып келген сыркоолордун саны жыл санап эмес, күн санап өсүп жатканы буга күбө болгондой. Оорукананын башкы врачы А. Жаныбековго кайрылганыбызда, ал учурда областтык координатордун келгенин айтып, кечирим сурап, орун басары Кубанычбек Миталиповго кайрылуубузду өтүндү.
 


Сүрөттө: Миталипов Кубанычбек Мурзакаримович

 
Кеп кезеги башкы дарыгердин орун басары К. Миталиповдун канаасында улантылып, оорукананын учурдагы жетишип жаткан ийгиликтерине токтолдук.

-Кубанычбек Мурзакаримович, акыркы кезде сиздердин ооруканага Сүлүктү, Исфана, Баткен, Кадамдай, Айдаркен, Ош областынын Ноокат районунун Жал, Ынтымак, Көк-Жар аймактары, Араван районунун Төө-Моюн өрөөнүнүн элинин келип көрүнүп жатышканынын сыры эмнеде деп ойлойсуз?
 


Башкы корпус

 
-Менин жеке пикиримде чыныгы адисттердин ишкердигинде го дейм. Эң башкысы адамдардын жеке мамилесинде, кылдаттык менен ооруулууга диягность коюп, илдетти так аныктап берүүсүндө болуш керек. Ооруканада 938 кызматкер эмгектенет.
-Тактап айтканда, 105 врач, 193 мед айым, 273 кичи мед айымдар, 62си башка кесиптегилер. Мына ушул жамааттагы дарыгерлердин ынтымагы, ишти так аткаруусу, коюлган талаптарды өз убагында аткаруусу ийгиликтерди жаратууда.
2015-жылы Кызыл-Кыя аймактык ооруканасы 10 000 жашоочуга эсептегенде 19.23 пайызды түздү. Биздин ооруканада мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде оорулууларды жаткыруу жана дарылоо бекер. Бирок базар шарттына ылайык айрым учурларда бизге келбеген дарыларды бейтаап өзү таап алып келүүгө мажбур болушат. Мындай учур чанда гана кезигет. Өткөн жылы дарылоону контолдо комиссиясы тарабынан 77 оорулуу кошумча төлөмдөн бошотулган.
 


Сырткы көрүнүш

 
Биздин аймактык ооруканага көп кайрылган сыркоолордун дагы бир сыры, оорукана заманбап жабдыктар менен толук жабдылгандан болушу да мүмкүн. Оорукана 510 адамга ылайыкташтырылган. Келген оорулуулардын оорусу заманбап техникалардын жардамы менен аныкталат. Бизде атайын цифравой аппараттар япониядан алынып келинген. Атап айтканда аш-казан оорулуулар үчүн эндескопия, көз ооруулулар үчүн аппарат, Узи, чала төрөлгөн наристелер үчүн дем алдыруу жана жасалма дем алдыруучу аппараттар учурда иштеп жатат.
Өзгөчө мактануу менен айта кетүүчү нерсе чет өлкөлөрдө жасалбаган оор операцияларды заманбап техниканын жардамы аркасында бизде жасалат. Өткөн 2015-жылы биздин ооруканада 3854 операция жасалды. 2014-жылы бул көрсөткүч 3527 болчу.
Аймактык ооруканада энелердин өлүмү 2 жылдан бери кайталана элек. Ылайым кайталанбасын дагы. Тилекке каршы наристелердин өлүмү жок эмес бар. Бирок ал медицина кызматкерлеринин күнөөсүнөн эмес.
 


Сүрөт: автордуку

 
Сиздер үчүн дагы бир жакшы жаңылык катары айта кетейин, КРнын Президенти А. Атамбаев биздин төрөт үйү үчүн жаңы жабдыктарды сатып алуу үчүн өз фондусунан акча каражаттын ажыраткан. Ушул айдын аяк ченинде жаңы жабдыктарды алып калабыз деп күтүп турабыз.

Маектешкен: Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


девять − = 7

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>