Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү


img_fon

«Урматтуу финансы жана экономика тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

2015-жыл Кыргызстанда Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланып, өлкөнүн атаандашууга жөндөмдүү, заманбап экономикасын калыптандыруу мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу милдети катары аныкталган. Мындан ары дагы элдин жашоосун жакшыртып, улуттук өндүрүштү, ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана жаңы жумушчу орундарын түзүү милдети коюлган.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында финансы-экономикалык чөйрөдөгү жакынкы жылдардагы артыкчылыктуу багыттарыбыз так аныкталган.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирликке кошулуп жатат. Интеграциялык процесс бизге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Евразиялык экономикалык бирликтин өлкөлөрүнүн рыногуна Кыргызстандын товарларына жана кызматтарына жол ачат. Улуттук экспорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, сапатты жогорулатууга, атамекендик продуктулардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана өлкөбүзгө инвестициянын агымын күчөтүүгө көмөктөшөт. Бирликтин толук кандуу катышуучусу болуп, биз экономикабызды чыңдап, өнүккөн мамлекет катары калыптанууга милдеттүүбүз. Мындай жагдай сиздерге, финансы жана экономика кызматкерлерине өзгөчө жоопкерчилик артат.

Учурда өлкөбүздө бюджеттик система реформаланып, бюджеттер аралык мамилелерди калыптандырууга жаңыча ыкмалар иштелип жатат. Ошондуктан мамлекеттик финансыны башкаруу ишинде коррупциянын түрдүү көрүнүштөрүнө чечкиндүү бөгөт коюу өзгөчө мааниге ээ. Мамлекеттин ар бир сому натыйжалуу пайдаланылып, Кыргызстандын келечегине кызмат кылууга тийиш.

Финансы жана экономика чөйрөсүндө эң татаал маселелерди чече алчу, бардык кыйынчылыктарга туруштук берчү кесипкөй адистер эмгектенет деп ишенем. Сиздердин таза, ак ниет эмгегиңер өлкөбүздүн мындан ары чыңдалышына жана гүлдөп өнүгүшүнө, элибиздин жашоосун жакшыртууга өбөлгө болот.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана көз карандысыз Кыргызстандын келечеги үчүн жооптуу ишиңерге ийгилик каалайм.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев»

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


три × 7 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>