Футболдук ийрим ачылды


img_fon

Лейлек районунун Исфана шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн дене тарбия клубунда футбол ийрими ачылды.

«2015-16-окуу жылына карата 2000 жана 2003-жылы туулган 30 окуучуну кабыл алдык. Алардын арасында Исфана, А.Навои, Ю.Гагарин атындагы орто мектептер менен №1 гимназия-мектебинин окуучулары бар. Окуучуларды кабыл алууда алардын физикалык даярдыгына басым жасалып, 60 метрге чуркоо, турникке тартынуу жана башка багыттар боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн балдар тандалып алынды.

Максатыбыз спортту өнүктүрүү менен катар спорт аркылуу улуттар арасындагы биримдикти чыңдоого багытталгандыктан, түзүлгөн тайпаларга кыргыз жана өзбек улутундагы жаш футболчулар аралаш алынды. Бүгүнтөн баштап машыгуулар башталды», — дейт А.Бабаев.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× 2 = десять

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>