Футболист кыз (фото)


img_fon

Кызыл-Кыя шаарындагы “Абдыш-Ата” футболдук клубунда, секелек кыз топ тээп жүргөнүн көпчүлүк биле беришпесе керек.
 


Сүрөттө: Разия Мансурова

 
Шаардагы № 5-Ч. Айтматов атындагы орто мектептин 4-“а” классынын окуучусу Разия Мансурова, “Абдыш-Ата” футболдук клубундагы эң мыкты чабуулчу катары ойноп келүүдө.

Машыктыруучу Момунжан Мурзаевдин билдирүүсүндө, Разия келечектүү чабылчу. Ал клубка келгенине анчалык көп убакыт болгонуна карабастан, шаардык жаштар арасында мыкты чабуулчу экендигин көрсөтө алган.
 


Сүрөттө: Разия достор арасында

 
Областа өткөн мелдештерде да катышып, байгелүү орундарга татыган.

Кызыл-Кыя шаарындагы “Шахтер” командасынын быйыл 60 жылдыгы белгиленмекчи. 60 жылдын ичинде бир дагы кыз футболист болом деп футбол талаасына чыккан эмес.
 


Сүрөт: автордуку

 
Биз Разияга машыгуу талаасынан жолукканыбызда, ал “-келечекте ким болорумду билбейм бирок, кыргыз желегин бийик көтөрүп, футбол талаасынан көрүгүм бар”-деди. Бар бол Разия, сага ийгилик.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


− один = 6

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>