Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорун кабыл алды (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.
 


 
Фото автора

 
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин учурдагы ишмердиги, ошону менен катар геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу укугун алуу боюнча аукциондорду өткөрүү, тоо кендерин казып чыгаруу тармагына инвестицияларды тартуу, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы этаптары тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге директор Дуйшөнбек Зилалиев Президент Алмазбек Атамбаевге “Жеруй” кенинин жер казыналарын пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчү-компаниясы тарабынан алынган милдеттенмелердин аткарылышы тууралуу жана инвестордун мындан ары аны иштетүү пландары туурасында баяндап берди.

Мамлекет башчысы тоо кендерин иштетүү тармагын өнүктүрүүнү жана улуттук байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу колдонууну жер казыналарын пайдалануу укугуна конкурстарды жана аукциондорду калыс жана ачык-айкын өткөрүү жолу менен гана жетишсе болот деп баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


5 + = четырнадцать

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>