МАЙРАМДАР

Гезиттин маарекеси белгиленет

Шаардык «Мезгил жарчысы» гезитинин 80 жылдык юбилейлик маарекеси 7-ноябрь күнү өткөрүлөрү белгиленди. Гезиттин юбилейине областтын чар тарабындагы гезиттин кызматкерлери, мурда иштеп кеткен ардагер журналисттер чакырылмакчы.

Улут болсом, тилим менен улутмун

Мейликан Тайполотова  Сүрөт автордуку

Мейликан Тайполотова
Сүрөт автордуку

Жакында «Баткен таңы» гезитинин Кызыл-Кыя шаарындагы атайын өкүлчүлүгүнүн кеңсесине келген Мейликан Тайполотова эже, кыргыз тилинин жумалыгы өтүп жатканын угуп, кыргыз тилинин терс жактарын гана айта бербей, анын аалам кезип дүйнөнү дүңгүрөткөн жакшы жактарын да айта жүргөнүбүз оң го деп мага төмөнкү кол жазмасын сунду. Окуп чыктым. Андагы оргуштаган ойлор жүрөгүмө жакын туюлду. Андыктан жалпы окурман журтунун элегине салууну туура көрүп, редакцияга жолдодум.

Урматтуу окурман, бул макала мектеп окуучуларынан тартып, жогорку окуу жайдын, а түгүл чыгармачыл инсандарга да өз пайдасын тийгизип, элге жарыгы тийерине шек жок. Андыктан анын ар бир түрмөгүнө көңүл коюп окуп чыгуу ашыктык кылбайт.

Сабыралы Абдукаримов, «Баткен таңы» гезитинин Кызыл-Кыя шаарындагы өкүлү, кабарчы.

КЫРГЫЗ ЭЛИМ ЭНЕ ТИЛИН КАСТАРЛАЙТ

(акро ыр)

Кең пейилдүү кереметүү элденбиз,
Ырыскысы ыроологон жерденбиз.
Руханий дүйнөсүн да бай кылган,
Гүлдөп турган өлкөдөнбүз чалкыган.

Ыр тамаша ышкыбоздор жайнаган,
Залкарлары далай чыккан сайраган.
Элибиз бар эчен ашуу жердеген,
Лириканын ыргагына дем берген.

Ичке кирген, илегишкен душмандардан,
Манастай баатырлары сактаган эл.
Эчендеген айгышкан кармаштарда,
Намыска бек, душманын да сатпаган эл.

Эл ичин, өнөр кенчин байыткан эл,
Талыкпай эмгектенип төгүшкөн тер.
Ичи толгон ышкыбоздор таланттарын,
Лирикалуу ыр саптардан ачышкан чер.

Ийилишип мейман келсе сыйлаган эл,
Нанын коюп, дасторконун жыйбаган эл.
Кымызын кынап куюп көөкөр менен,
Ар дайым айкөлдүгүн тыйбаган эл.

Сулуулуры  султандарын сыйлаган эл,
Теминишип тулпарлары туйлаган эл.
Ала-Тоодой арашандуу жерин даңктап,
Рысбайдай ырчылары ырдаган эл.

Лирикасы ооздорунан төгүлгөн эл,
Атак-даңкы атпай журтка көрүнгөн эл.
Ишеничтин берилген бир энчисине,
Таалайлуу, ырыскылуу, Кут конгон жер.

«Кыргыз эли кылымдарды каарыткан,
Эчким аны өчүрө албайт тарыхтан»-деп, акындарыбыз айткандай, биз көйгөйлөрүбүздү  эмес, жетишкендиктерибизди даңазалап жатып өсөбүз.

 

Эне тилим эчен бешик термелткен,
Элим менин алдей угуп бой жеткен.
Эне тилдей ыйык сезим болбостур,
Жашообузду дудук кылбай сүйлөткөн.

Ала-Тоодой элденбиз,
Кен байлыктуу жерденбиз.
Энесайды кыдырып,
Кылымдардан келгенбиз.

Ала-Тоодой жерденбиз,
Амандашкан элденбиз.
Ааламды бүт кыдырып,
Алмуздактан келгенбиз.

Кереметтүү жерденбиз,
Көчмөн жашап келгенбиз.
Кыдыр Атам тооруган,
Кут даарыган жерденбиз.

Баасы бийик элденбиз,
Барктуу жашап келгенбиз.
Байлык кени мол болгон,
Бак-дөөлөттүү жерденбиз.

Таалайы бар элденбиз,
Таймашкан жоону жеңгенбиз.
Там-туң баскан мезгилден,
Таш доорунан келгенбиз.

Уюткулуу элденбиз,
Улуу-Тоодой жерденбиз.
Урпактарын улаган,
Салтын кармап келгенбиз.

Ар  бир кыргыз жараны  өз милдеттерибизди аткарышыбыз керек. Ата-Бабаларыбыздан уланып келе жаткан салттарыбызды, көркөм тил өнөрлөрүбүздү, тарыхыбызды келечек муундарыбызга айтып, улантуучуларыбызга өткөрүшүбүз парз.

Биздин тил байлыгыбыздай күчтүү, өз тарыхын ыр түрүндө баяндап, жети күн, жети түн токтобой айтса да түгөнбөгөн Манас эпосубуздай дүйнөдө болгон эмес. «Чындап келсе сокур көздөн жаш чыгат» -дегендей, биз да тилибиздин түптүүлүгүн дангазалап, келечек муундарыбызга жапатырмак окууларыбызды  күчөтүп, окуу жайларда, мектептерде, бала-бакчаларыбызда, уюштуруу иштеринде өз демилгелерибизди кошуп, колго алгандар көбөйсө, «Керектүү таштын оору жок»-болот.

Ч.Айтматовдун төмөнкү сөздөрү төгүндөн айтылбаган:

«Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу»- деп

«Кыргызым менин туумсун,
Кыр-кырда жашап турусун.
Аз гана чакан болсоң да,
Нарктуусу элдин улуусуң»- деп,

Байдылда Сарногоев акыныбыз айткандай, нарктуу эл экендигибизди кадырлайлы.Кыргыз эли эгемендүү болгондон бери, чоң өзгөрүүлөр, өсүүлөр болууда.

Миграция башталып, чет элдерге жаштарыбыздын иш аркылуу чыгып жатышы да, биздин кыргыз экендигибизди далилдеп турбайбы. Ар бир нерсенин жакшы жагын көрүшүбүз керек. Мына азыркы  күндө, көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөлөрдө иштешип, окушуп жаткандыктан жарандык паспортторун которушуп жүрүшөт. Алар кайда барбасын, Кыргызстаныбызды ар тараптан өнүктүрүү үчүн кетишти.

«Элиңдин,жериңдин, кадырын чет жерге барганда билесин»-дегендей, өз элине, жерине, болгон кусалыктары күчөгөндө, ар бир нерсенин кадырын билишет эмеспи?.

« Кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс,

Кыргыздын кырааны бар аты Чыңгыз»-деп, Чыңгыз Айтматов кайсыл мамлекетте жүрбөсүн,  кыргыз элинин  улуулугун  даңазалады. Элибиздин маданиятынын жогорку эталлонун жаратты. «Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн барбыз» -деп, улуу сөздөрүн калтырды.

Мисалы; Жамийланы тааныбаган чет өлкө калбады. Чыгармалары   менен тил казнабызды байытып, «сүйүүнү» даңгазалап кетти. « Сүйүү-бул жашоонун аныктык күчү»-деп, жадагалса табийгат, жан-жаныбарлар да кыргыз жүрөгүнөн сүйүүсүз өтпөгөндүгүн далилдеди.

«Урумга тааныткан кыргызды, урматтайт элим Чынгызды».

Ала-Тоодой койну кенен кыргыз элинде, канчалаган улуттун элдери өз жеринде жүргөндөй жашап жатышкандыгы, кыргыз пейилинин кеңдигинин далили эмеспи?. Көчмөн эл болсок дагы шашкан эмесбиз. Элдин баары отурукташканда, анан кыргыз элим келип ушул жерлерге отурукташып калган. Ошондо деле Кудайдын кереметин көрчү.  Азыр деле чек ара куруп убара болуп жаткан жерибиз жок. Кошуна элдер, ор казганын токтотпой тегеректеп чукуп жатышпайбы чек араларын.  «Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүн зынданга»-деген сөз бар эмеспи?. Кыргыз элим ким душман экенин да серебейт. Баардык элдерди мейман дос деп эле билишет. Анткени,  баардык нерсени жакшылыкка бурган, «сөз  кудрети» — дегенде өтө маани берген эл. А бирок, бизге тийиштик кылган элдер, өздөрү эле жазасын алышат. Жоо келгенде тоо таштан болсо да биригише калышып, жоонун мизин майтарган, эр жүрөк, шамдагай, дүбүртү жерди дүңгүрөткөн, ат жалында ойногон, тынчтыкты сүйгөн элбиз.

Акын Жоомарт Бөкөнбаев бекеринен айткан эмес: «Чептен эрдин күчү бек»-деп, «Кыргыз кырылгыз, жоо алгыс»-деп, бекеринен айтылбаган.

Кыргыз эли душманына атайын курал камдап деле убара болбогон.  Ар  дайым оптимисттик көз карашта, патриоттук сезимибизди күчөтүп жашап келебиз. Кылыч, найзасы ары турсун, колундагы кой кайтарган таягы, колго кирген ташы менен деле анча-мынча душмандардын мизин кайтарган эл.

Көчмөн эл болгондуктан «ат оонаган жеринде түк калат»- болуп, чоподон жасалган идиштери, чопо-чоорлору калып кеткендиктен, башка элдер ошого окшотуп идиш, аспаптарды жасап алышкан.  Мисалы; биздин «идиш» — деген сөзүбүз, англис тилинде «дииш» деп колдонулуп жүрөт. «Топчудай сөз, тоодой маанини билдирет»-деп, Чынгыз Айтматов айткандай, кыргыз эли, кенедей сөздүн да терең маанисине көз чаптырып, жети өлчөп, бир кесип, анан сөзүн сунганды билген эл.

Аргамжыны алыс таштаган сабырдуу калкпыз. «Сабыр түбү сары алтын»-деп, бекеринен айтылган эмес. «Сөз келгенде айтып кал, сөз атасын өлтүрбө»-деп, сөздү орду  менен керектүүсүн сүйлөгөн эл. Кыргыз эли сөзүн жетим кылган эмес. Ошондуктан «Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт»-деп,аябай сөзгө аяр мамиле жасашат. Кыргыз эли өтө тилге бай, сөзгө чечен. Улуу эпосубуз Манастын өзүндө эле алтымыш жети миңден ашык сөздөрүбүз камтылган. Бүгүнкү күндө Манас эпосуна канчалык көңүлдү буруп жаткандыгыбыз, тил казнабыздын күчөп өнүгүшү десек болот. Мен да өз сунушумду кошкум келип жатат; Эгерде Аскердеги жоокерлерибиз, Манастан үзүндү алып марш тээп ырдап жүрүшсө,эң бир патриоттук сезимдерин күчөтүп мындан да шамдагай болмок. Кыргыз элибиз ушул эле эпостон алып Гимн ырдашса, обону, сөзү деле Манастан болсо, анда келечек муундарыбыздын кыргыз тилин эле эмес, таза кандуу, ден-соолуктуу, патриоттуу, баатыр эл экендигибиздин далили болот. Мактанганды билбеген жөнөкөй калкпыз. Болбогон эле нерселерге дөшүбүздү какпайбыз. Кошуна элдер, кыргыз тарыхынын ичинен өздөрүнүн улутун, уруусун тактап жатышпайбы.  Буйруса дүйнө элдери кыргыз элинин улуулугун, тилинин түптүүлүгүн, али даңазалай турган учурлар көп болот.

Эң бир кооз жаратылышыбызды, төгөрөгү төп келген төрт мезгилибизди, аркар-кулжа аралаган тоолорубузду, көк мелжиген зоолорубузду, тоо боорунан чыгып аккан булактарыбызды, таштан-ташка урунуп агып жаткан дарыяларыбызды берип койгон Алла Таалама чексиз ыраазылычылыгымды билдирем.

Япониялык эки кыз Токмоктун бир мектебинде иштешип жүргөндө, кыргыз журналисттерибиз кыргыз тили жөнүндө сурашканда, мындай деп жооп беришкен; «Сиздер сүйлөп жатсаңыздар, ырдап жаткандай эле угулат» — деп, айтышкан.

«Уйкашы менен арсылдап, ити да ырчы кыргыздын»- деп, акын Байдылда Сарногоев айткандай, тилибиздин кооз угулушу элибизидин көркүнө көрк кошот.

«Сен кайсы мамлекетти багыдыргың келсе, ошол мамлекетке маданиятыңды киргиз» — деген сөз бар.

Чынгыз Айтматов Турция мамлекетине барса, түрк туугандарыбыз айтат дейт; «Сиздин «Ак кемеңизди» биз кино кылып чыгарганы жатабыз»-дегенде, Чынгыз Айтматов айтат; « Ал Ак кеме» кино болуп чыккан»-десе; «Ал Сиздердин «Ак кемеңиздер» , биз өзүбүздүн «Ак кемебизди» чыгарабыз»-дешет. Рысбай Абдыкадыров болсо, кыргыз обондорун дүйнөлүк классикага айландырды. Биздин ушунчалык мурастарыбыз уланып жатса, анан биз учурдагы анча-мынча сенектиктерге капаланбашыбыз керек.

Кыргыз тилинде сүйлөгөн башка улуттун элдерин сейрек кездештиребиз. А,  кыргыз элибиз дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун, ошол элдин тилдеринде ийкемдүү сүйлөп кетише алат. «Кайсыл мамлекетке барсаң, ошол мамлекеттин мыйзамын сыйла»- дейт. «Кайсы лөлүнүн арабасына түшсөң, ошол лөлүнүн ырыны ырда»-дейт эмеспи?. Мындан эмнени айтмакмын, кыргыз эли, эч бир элге окшобогон ийкемдүү эл, тили да бат келет ал үчүн сыймыктансак арзыйт.

Ойчулдардын мындай сөзү бар: « Канча тил билсең,  ошончо адамсың» Тил деген дүйнөнүн көпүрөөсү эмеспи. «Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм» — дейт, Алыкул Осмонов. «Тил тирүү организм» -дейт ойчулдар. « Мезгил менен  тең жылышпасаң сени четтетип коет»- дейт. Келечек муундарыбыз менен тең жылышып, ата-бабаларыбыз аздектеп келген мурастарыбызды кастарлап, улай беришине ишеништүү көз карашымды билдиремин.

Ар бир адам, ар бир үй бүлө- өзүнчө бир мамлекет. Адам, канча жашаганы менен эмес, кандай жашаганы менен бааланат эмеспи. Мэзгилден  артта калбай, ар-бирибиз өз милдеттерибизди аткарып, Алла-Тааланын ушундай кереметтүү жашоосуна ыраазы болуп, илим-билимибизди курчутуп, жаратылыш, жан-жаныбарлардан, жер жайнаган кооздуктардан, Жараткан өзү берген кереметтеринен бийик, адам кылып жаратканына таазим этип, ар-бир күнүбүздү ыраазычылык менен тосуп, куттуу жашообуздун таттуу даамын сезип, келечек муундарыбызга өрнөк болгон жашоону үлгү кылалы.

Ажайып ааламдабыз,
Арбытып баскын арбын.
Сонундар дүйнөсүндө,
Эч качан кайгырбагын.

Талыкпай эмгек кылгын,
Билимиң турсун ташып.
Тооруган тоскоолдуктар,
Өтө албайт сенден ашып.

Ар пенде бул жашоодо,
Аллага аманат да.
Өкүнүп болбогонго,
Өзүңдү капалантпа.

Не келдиң бул дүйнөгө,
Өз тилиң барктабасаң.
Эненин мээрим төккөн,
Ак сүтүн актабасаң.

Не келдиң бул дүйнөгө,
Эл жериң сактабасаң.
Урматтап эне тилин,
Улуулап данктабасаң.

Не келдиң бул дүйнөгө,
Үнүңдү ача албасаң.
Үлгүрүп өз тилиңе,
Үлүшүң кошо албасаң.

Убакыт учкан куштай,
Учурбай кармап калгын.
Жашоонун даңгыр жолун,
Адашпай аңдап алгын.

Машакат жолдоруңда,
Майышпай маашырлангын.
Мааранын майданында,
Марттарча баскын арбын.

Дүйнөнүн төрт бурчунда,
Дүбүртүң ташты жарсын.
Кылымдап кыргызымда,
Сенин да атың калсын.

Сендейлер бул жашоону,
Сулуулап турса тиреп.
Ажайып бул дүйнөдө,
Куттулук өмүр сүрөт.

Мисалы: Малазия,Сингапур, Хайнан аралдарын элдер кол менен жасап  көрктөндүрүшкөн. Жасалма шаркыратмаларды, жасалма тоолорду элдер өздөрү  эмгектенишип олтуруп, бүгүнкү күндө кооз өлкөгө айландырышты. Бирок, суусу, абасы, кыргызстанга жетпейт. Биздин өлкө Жараткан өзү колдо жасап койгондой кооз жерден орун алган. Биз кыргыз эли жапатырмак эмгекчилдигибизди күчөтүп жиберсек дүйнө жүзү кыргызстанды, эс алуу жайы катары  кабылдашына шек жок. «Бакытты алыстан издебе, ал жаныңда. Кеңешчини ыраактан издебе, ал өзүң».

Ар бир инсан өзүнө-өзү ишениш керек. «Аракетке-берекет»-деп, бекеринен айтылбаган. Кыргыздын дагы бир макалы бар; «Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, акылың менен тааны». Оболу Кудайга, анан өзүңө ишен.

«Уятты тутам күч менен,
Урматты жыям иш менен.
Ашыгып мен да баратам,
Жакшылар басчу из менен.

Ала кушту атынан аташ керек,
Адамсыңбы? Адамча жашаш керек.
Жакшы турмуш өзү эле келбейт тура,
Жан дүйнөңө төңкөрүш жасаш керек» — деп, акындарыбыз айткандай, адам болгонубуздан кийин, алты саныбыз аман, төрт көзүбүз түгөл туруп, бирөөнүн жонуна жармашып,дөңгөлөгү жок арабадай сүдүрөтпөй, ар-бирибиз өзүбүзгө баа берип жашаганды билели. «Чөптү кордосоң, көзүңө саят»-дейт, элибиз.

Токмок шаарына келген Япондук кыздардан, журналисттерибиз кыргыз жерибиз жөнүндө сураганда, алар айтат; «Биз Японияда «Саката» гүлүнүн гүлдөшүн күтүп жашайбыз. Анткени ал гүл Япониянын тарыхынан эстелик болуп калган. Ал гүл өтө кооз болуп ачылганда, бүткүл Япония элин кубандырат. Япониянын жаратылышы, канчалык өнүккөн өлкө болгондугуна карабастан, Кыргызстанга жетпегендигин айтышат. Анан бир уламыш айтып беришкен; « Илгери Япония өтө кооз гүлдөрү жайнаган, табыйгатына суктана турган өлкө болгон»-деп айтышат. Ошол табыйгаттын талканын чыгарып, элдер чыгындыга айландырып жибергендиктен, Жараткандын каарына калган дешет. Анан бизге; « Кыргызстан өтө кооз өлкө экен, бирок, чыгындылары чачылып эле көчөлөрдө жата берет экен» -дешип, анан;

« Жериңиздерди сактаңыздар, бизге окшоп убалына калбаңыздар»-деп айтышкан.

Ч.Айтматовдун элдерге калтырган акыркы керээзинен бир мисал келтирип кетейин; «Мен болгону үйүрүнөрдөн учуп бараткан канаттуу кушмун. Мен каркырамын. Караңгы түндө жылдыздарды көздөй учуп бара жатып, өз оюмду ойлой берем. О,адамдар жерге этият болгула, ийиниңер жеңилдесин! Силерди Адамдар, Жараткан өзү кырсыктардан, жалбырттап өчпөй турган өрттөрдөн,  тыйылбаган кандуу уруштардан, кайрадан оңолуп ордуна келбеген жаман иштерден сактасын».

Ч.Айтматов

Бир икая айтып берейин:

Эрбол Америкага барып, миллионер болуп өз мекенине келет. Айылынын баарын аксакалдары менен чогултуп, жылкы союп батасын алат. Анан айтат; «Ушул силерге дүйнөдөгү эң жакшы жерди сатып берейин; абасы таза болсун, тунук булактары болсун, тоосу болсун аркар-кулжасы менен. Теңир-Тоо, Памир, Алай сыяктуу. Көлү болсун, Ысык-Көл, Чатыр-Көл, Соң-Көл, Сары-Челектей. Токою болсун, Арсланбап, Таластай. Жайлоосу болсун,Суусамыр, Каркыра Ат-Башы сыяктуу. Өрүгү болсун, Баткендин өрүгүндөй, данеги да таттуу болсун. Ошентип айылдын Шаршен карыясын кошуп беришет. Европага, Парижге Пъер досуна телефон чалышат. Ошол жакка барып шартты айтканда, андай жер жоктугун айтышат.  Америкага барышат, АКШ да бир да булактан суу ичүүгө болбогондугун айтышат. Африкага учушту бирок, андай жер табышпады. Австралияга барышып шарттарды түшүндүргөндө, алар айтышты; « Андай жерибиз болгондо биз эч кимге сатпайт элек» -дешти, баардык чет элдиктер Кыргызстанга кошо келишип; «Ушундай жеринер бар экен биз сатып алсак кана»-деп суктанышты. Аракет эле кылсак, баардык шарттарыбыз бизди күтүп турат. Бактылуу жашообуз Сиздин, биздин колубузда. Германиялык изилдөөчү Кыргызстанга келип, беш жыл бою элибиздин менталитети менен таанышкан. Өз элине жөнөп бара жатып мындай деген; « Кыргыз эли өтө мейман дос, кең-пейилдүү, дүйнөдөгү эң жоош калк экен». –деп баа берип кеткен.

Кыргыз эли эзелтен бери эле жолдон өтүп бара жаткан жолоочуну да үйүнө кондуруп, мейман кылып,кайда бара жаткандыгын да сурабай, анын ордуна «Бизден эмне жардам?»- деп гана сураганды билген эл болгон.

Байдылда Сарногоев;

«Көр дүйнө жыйнаганым жок өзүмө,
Көркөм дүйнө жыйнадым элиме» — деп,

топуктуу эл экендигибизди, адамгерчиликти улуу койгондугубузду баалаган.

«Осмонкул деген ким эле,
Оодарылбас,чайпалбас,
Океан болгон тим эле» -дешип,

баалуу из калтырган инсандар тарыхта улана бермекчи.

«Алтын акпайт, күмүш чөкпөйт»-деген сөз бар. Мына кыргызда илгертен келе жаткан салтыбыз, жети атасын сүрүштүрүп, кыз беришип, келин алышкан.  Алтай кыргыздарыбызда болсо, он эки атасына чейин сүрүштүргөнү белгилүү. Бул деген, генибиздин тазалыгы, акылмандуулуктун, асылдыктын, улуулуктун, таза тукум улантуучу эл экендигибизди аныктап турат. «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө»-деген кыргыз макалы төгүн жерден айтылбаган. Канчалык тил байлыгыбыздын көп экендигине карабастан, ар бир сөздү электен өткөргөн нарктуу элбиз. «Ойлонбой сүйлөсөң, онтобой өлөсүн»-дейт. Эгер оюбузду таза кылып, жүрөгүбүздү кең кылсак, Алла-Таалам  берерин өзү билет. Кыргыз элим кең пейилдүү топукту эл. Алакандай жүрөгүнө ааламды батырган, кенедей жүрүгүнө кең дүйнөнү батырган. Ошондуктан кыргыз элиме Жараткан назарын сала берсин деп тилек кыламын.

«Тарыхыңды тапанча менен атсаң, келечегин сени замбирек менен атат»-дейт элибиз. Тарыхты бурмалоого болбойт. «Тарыхы  өксүк өлкөгө, бөтөн өлкөнүнүн өкүлү өкүм кылат» -деген сөз бар. Кыргыз тили байыркы тил, жазууга болсо кырк миң жыл гана болду.

Кытайлык кыргыз жигит ; «Азыркы мезгилде кытай эли Манасты кытай тилине которгону жатат»-дейт. Бирок, Манасты которгонго улуу кытай элинин тилинин жетишсиздиги бизди таң калтырат»-деп айткан. Американын илимий, тарыхий китептеринин бирини, ушул эле Токмоктун бир мектебинин мугалими Садыкова деген кыргыз тилине которгон. Бир канча котормочу илимпоздордун айтымына караганда, ал китепте эч кандай деле тилдин жетишсиздиги болгон эмес. Тескерисинче өтө бай тилде которулган. Азыр деген чет мамлекеттер менен алака болгондон бери, тил процесси да күчтүү жүрүп жатат. Бул деген өсүү. Чет өлкөгө чыккан жарандарыбыз аркылуу, башка мамлекеттер да кыргыз маданиятына таандык көп жакшылыктары менен тааныш болуп жатышат.

Мына бир мисал; Улуу кытай эли кечээ  жакында эле, 2011- жылы кытайлык кыргыздар он миң адам бир учурда Манас айтышты, миң адам комуз чертишти, миң адам ооз комуз ойношту. Биздин Кыргызстаныбызда андай боло элек. Кытай эли бекеринен Манасты хор ырдатышпады. Анын мааниси өтө терең «сөз кудрети» -дегенге маани беришип жатышпайбы. Биздин маданиятыбызды, тилибизди Улуу Кытай эли урматтап, даңктап, киргизип жатышканда, башка дүйнөнүн элдери да кези келип, даңгазалап киргизе башташат.

Өзүңдүн тилектерин,
Өзөктөн кошуп чыгат.
Өрлөгөн жолдоруңда,
Өзүңдү тосуп чыгат.

Оозуңдан чыккандарың,
Ойлогун атылаарын.
Оргуштап омок болуп,
Жолуңа чачылаарын.

Жакшы сөз жарым ырыс,
Жакшыны тилек кылгын.
Жашоонун сан гүлдөрүн,
Өзүңө белек кылгын.

Кыргыздар дүйнөгө соодагерлик өнөрүн да биринчилерден жайылткан. «Тыйын»-деген термин да кыргыз тилинен тарап келет. Анткени, Енисейде тыйын чычкандардын көптүгүнөн, анын терисинен эсеп жүргүзүшүп келишкен. Ар бир эл өз тилине биздин көптөгөн сөздөрүбүздү пайдаланышкан. Музыкалык аспаптарыбызды да, көчмөн эл болуп ар жерде калтырып кеткендиктен, башка элдер ошого окшотуп, өзүнүкү кылып жасашып алышкан. Биздин акылман элдерибиздин жасаган буюмдары да, кийимдери да, тамак аштары да баалап келгенде өтө нарктуу болгон. Жашаган боз үйлөрү да көчкөнгө ыңгайлуу, бир да мык кетпей жасалган.

«Дүйнөдө эч бир адам, жалгыз бактылуу боло албайт». «Жалгыздык Аллага гана жарашат».  Ч.Айтматовдун  чыгармаларында дүйнө элдерин биримдикке чакырып, жашоодогу максаттарынын идеологиялык багытын бир нукка салып, кыргыздардын нукура жашоо образдарын чагылдыруу менен бирге,    маданияттуулуктун тереё маанисин тарбиялуулукка багыттады. Чыгармаларындагы элибиздин жашоо образдарынан бир мисал;  Буудайды сээп жаткандагы ата-бабаларыбыз: Жараткандан ниет кылышып, бир чака буудайын, бир уучтап олтуруп; «Көптүрүп үрөөн септим, көңүлдөр ток болсун деп, ырыскы мол болсун деп, мунусу карыптарга,мунусу жетим-жесирлерге,мунусу карга-кузгундарга,мунусу курт-кумурскаларга, мунусу сурамчы–тилемчилерге, мунусу бизге»- деп, каниет кылып, эгин өстүрүп көптүн ырыскысын тилеп, жашап келишкен. Айкъл, жүрүгүнө сүйүү орногон топукту эл экендигибизди баяндаган.

Ушундай тилектердин өзү эле филосифиялык тарбиялуулуктун эң чоң башаты эмеспи. Бул деген адам баласынын бири-бирине болгон мээримдүүлүгүн күчөтүп, жан-жаныбарларды, табиятты, жаратылышты сүйүү менен бирге, ынтымактуулукту, бактылуулукту, ырыскылуу бакубат ден-соолукта жашоону бекемдеп, дүйнө элдеринин улуу максатарын, сүйүү менен  ширетип; Ааламга кеткен жолду, айылдан баштап, бирдиктүү идеялогиянын куралышына себепчи болду.

Анда эмесе даңгыр жолуңуздар байсалдуу болсун!

Кыргыз тилибиз кылымдан-кылымга, доордон-доорго кыргыз дүйнө таанымын кеёейтип келет. «Така атты тулпар кылат, тулпар эрди сактайт, эр элди сактайт»-деген накыл кеп бар. Эзелтен бери эле, укумдан-тукумга, тил байлыктарыбыз, мурастарыбыз ооз эки түрүндө уланып келген болсо, илим-билим өнүккөндөн бери жазма түрүндө, ал эми азыркы учурда заман менен тең жылышып компьютерлештирилип, тил казнабыз уланууда. Ар бир кыргыз үйүндө  болочок генийлер чоңоюуда. Аларга эң чоң ишеничтерди артырсак арзыйт. Жаштарыбыздын өсүүсү үчүн толгон-токой шарттарыбыз бар. Логикалык ой жүгүртүүбүздү чыңап, башыбызды эле иштетсек, кол менен буттун шору болбой, дүйнө кыдырып, рахат жашоо улана берет. «Табыйгаттын кооздугун көрсөң кандай таң калыштуу, ошол кооздукту аңдабаган адамдарды көрсөң андан да таң калыштуу». Ар бир тоскоолдуктун ичинде ийгилик жашынган.

Тирүүлүк токтобойт эч,
Жашоонун маңызын бил.
Мезгилден сабак алып,
Ийгилик жолунда жүр.

«Жашоо күзгү, сен кандай карасаң, ошондой карайт».

Сөзүмдүн соңунда, бүткүл дүйнө элине тынчтыкты, жаркын жашоону, ынтымактыкты, достукту, биримдикти, бакубат ден-соолукту каалап, Аллага шүгүрчүлүк келтиремин. Ылайым эле дүйнө элдери, бактылуулуктун доорун сүрө беришсин- деп өз сөзүмдү жыйынтыктаймын.

 
Мейликан ТАЙПОЛОТОВА, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу