Губернатордун кубогу


img_fon

Кызыл-Кыя шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата губернатор Жеңиш Разаковдун кубогу үчүн 40 жаштан жогоркулар арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү.
Оюнга Баткен, Сүлүктү, Исфана, Лейлек жана Кызыл-Кыя шаарынын командалары катышты. Мелдешке катышкандардын улуусу — «Шахтер» футбол клубунун президенти Тавакал Кушбеков болду.
Оюнга облус губернатору Ж.Разаков, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асылбек Маткалыков, биринчи вице-мэр Эрмекбай Топчубаев жана башкалар катышышты.
Таймаштын жыйынтыгында, Кызыл-Кыя шаарынын командасы жеңишке жетип, кубокко ээ болду. 2-орунга Исфана, 3-орунду Баткен командасы жеңип алды. Жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана акчалай байгелер ыйгарылды.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


8 − = семь

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>