Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады


img_fon

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбека Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

“Элдерибиздин тарыхындагы бул даңктуу майрамды белгилеп жатып, кан майданда өз өмүрүн курмандыкка чалып, кайталангыс эрдиги менен тынчтыкты жана эркиндикти сактап калгандардын элеси алдында тизе бүгүп терең таазим этебиз. Майтарылбас эркин жана кайраттуулукту көрсөтүп, ошол каардуу согуштун бардык азап-тозогун көтөргөн, ооруктагы кажыбас эмгеги менен ушул жаркын күндү жакындаткан муундун өкүлдөрүн ардактап, ар дайым сый-урмат көрсөтөбүз”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана бардык жакшылыктарды, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ один = 4

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>