Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши 2015-жылдын 18-июнунда кабыл алган.

Бул Мыйзам жашы жете элек балдардын алимент алууга укуктарын коргоо максатын көздөйт. Мыйзамда Үй-бүлө кодексинин 86-беренинин 4-пунктуна эч жерде иштебеген ата-энеден алынуучу алиментти эң аз эмгек акынын эмес, алимент кыркуу жөнүндө жарандык иш каралган жердеги орточо эмгек акынын суммасында белгилөө каралган өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн соң 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


8 × четыре =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>