Көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланды


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 16-майында, Энелер күнүн майрамдоо алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев салтанаттуу аземдин жүрүшүндө өлкөнүн көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордендери менен сыйлады.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн бардык облустарынан келген баатыр-энелерди Кыргызстанда быйыл 17-майда майрамдалуучу келе жаткан Энелер күнү менен куттуктады.

Президент Алмазбек Атамбаев жаштарды тарбиялоодо энелердин өзгөчө ролун белгилеп кетти. “Балдар — бул жөн эле чоң бакыт эмес, ошону менен бирге чоң жоопкерчилик. Биз балдарга адамдарды бөлбөй, бардык адамдар бирдей деп үйрөтүшүбүз керек. Биз аларды — көп улуттуу Кыргызстандын балдары экендигине үйрөтүшүбүз керек”, — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

“Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!

Ардактуу апалар!

Урматтуу мекендештер!

Эне – адам баласы үчүн ыйык сөз. Бул сөз бардык тилде бирдей назик айтылат. Энелердин мээрими адамды жарык дүйнөгө келгенден баштап колдоп жүрөт. Жашоодо алгачкы кадамды жасоого жөлөк болот. Турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Кээде биз энелерибизди капа кылсак да, алар эч качан биздин көңүлүбүздү оорутпайт. Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү.

Урматтуу мекендештер!

Ушул күнү ар бирибиз өз энелерибизди ойлойлук, эстейлик. Бул майрам – энелерибизге ыраазычылык билдирүүгө өбөлгө болсун.

Энелерибизге белек алып, үйүнө барып куттуктап, небере-чөбөрөлөрүн жыттатып, кубаныч тартуулоого, жок дегенде энеге телефон чалып куттуктоого себеп болсун.

Көп учурда, күндөлүк түйшүк менен алек болуп, энелерибизге ойдогудай көңүл бурбайбыз. Аны энебизден ажыраганда гана так түшүнөбүз. Кеч түшүнөбүз…

Өтүп кеткен энелерибиздин жаркын элесин эстейли… Далай оорчулукту баштан кечирип, бизге тартуулаган жашоо үчүн ыраазычылык билдирели. Ар бирибиз кетирген катачылыкты моюнга алып, апаларыбыздан кечирим сурайлы…

Аялзаттын, өзгөчө энелердин түйшүгү дайыма көп. Жаңы Кыргызстанды куруп жатып, биз биринчи кезекте энелердин саламаттыгы жана бакубаттыгы жөнүндө кам көрүүгө милдеттүүбүз.

Жыл өткөн сайын өлкөбүздө турмуш шарттары жакшырууга тийиш. Энелерге кам көрүлүп, бактылуу балалык камсыздалып, ар бир үй-бүлөдө ынтымак, биримдик уяласын.

Ардактуу апалар!

Ар дайым балдарыңардын жакшылыгында жүргүлө! Неберелер эрмек болуп, көңүлүңөрдү көтөрүп турсун! Жараткан бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай, ынтымак жана берекет берсин!

Уважаемые журналисты!

Пользуясь случаем, хочу поздравить с наступающим праздником всех матерей Кыргызстана и на официальном языке.

Дорогие матери!

Уважаемые женщины Кыргызстана!

Примите самые искренние и теплые поздравления с Днем Матери.

Любовь к матери – самое cветлое чувство человека. А “День Матери” — повод ещё раз выразить нашу благодарность и восхищение всем Матерям, которые подарили нам жизнь, и дарят любовь, нежность и теплоту. Попросить прощения за то, что не всегда бываем внимательны к ним.

Мама – это самый близкий и самый дорогой человек для каждого из нас. Образ Матери мы храним в своих сердцах. В самые сложные моменты жизни мы обращаемся к матерям за советом и поддержкой.

Низкий поклон Вам, наши дорогие мамы! Сердечно поздравляю Вас с этим светлым и душевным праздником! Желаю всем Вам крепкого здоровья, счастья и благополучия! Пусть всегда Ваши дети любят и помнят о Вас!”.

Кыргыз Республикаснын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына ылайык, жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 3 654 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 578 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× 3 = девять

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>