Кара-козудан табылган наристе


img_fon

Кызыл-Кыя шаарында бир жаштагы баланы уурдап кеткен аял кармалды. Кызыл-Кыя ШИИБнөн билдиришкендей, милиция кызматына арыз менен шаардын Т.К. аттуу жараны кайрылган, ал 9-апрелде белгисиз жарандар Жалал-Абад шаарында анын 2013-жылы туулган баласын уурдап кетишкендигин билдирген.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, баланы уурдагандар наристенин энесинен 20 миң сом талап кылган. Баткен облусунун ИИБнын 10-бөлүмүнүн жана Кызыл-Кыя ШИИБнүн кызматкерлеринин бирдиктүү оперативдүү-издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу кармалган.
Наристени уурдап кеткен адам баланы Кызыл-Кыя шаарындагы Кара-Козу айылындагы өзүнүн үйүндө кармап турган.
Учурда тергөө иши жүргүзүлүүдө.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


6 × шесть =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>