Карылыктагы ыйык касиет


img_fon

img_fonКыргыз элинде айтыла жүргөн жакшы сөз бар, «карысы бардын ырысы бар» деген. Ушул сөздүн бүгүнкү күндөгү көтөргөн жүгүн, анын эл арасындагы кадыр-баркын элес алгандар анчалык байкалбай жатканы көңүлгө бүлүк салса, бир чети чынында эле аксакалдардын абороюна айрым учурдагы түшкөн көлөккө көңүл тиреп тура калары акыйкат эмеспи.
Андыктан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, ардактуу карыябыз Жамалидин Матосмоновдун басып өткөн жолун, жасаган эмгегин эринбей көз салууну туура көрдүк.
Жетимиштен өтүп калганына карабастан Жамалидин Матосмонов, кварталдык комитетин төрагалык милдетин 21 жылдан бери аркалап келе жатса, 20 жылдан ашык убакыттан бери Биринчи май АТОсунун аксакалдар сотунун төрагасы болуптур. Андан сырткары шаардык Ардагерлер кеңешинин мүчөсү катары да коомдук иштерди аркалап келет.
Эмгек жолуна сересеп салганыбызда, алгач МТСте ремонтчу-слесарь, тракторист болгон. 1972-жылы КМУнун тарых факультетине кирип, аны ийгиликтүү аяктайт. Билим алуу менен бирге Кызыл-Кыя шаарындагы шахтада өткөөлчү, тазалоо звеносунда жумушчу болуп иштеген. Өмүрүнүн 20 жылын шахтага арнап, 36 жылын мектепте чарба иштери боюнча директордун орун басары болгон.
Бул туурасында Жамалдидин аба өзү мындайча эскерет.
-1975-жылы шахтадан трамба алып, 3-топтогу майып болуп калдым. Жан дилимден орун алган мугалимдик кесипте иштей албай калгандыктан шахтада калдым. Шахтада 20 жыл иштегениме карабай, мектепке болгон ички сезим мени ар дайым өзүнө арбай берчү. Жүрөгүмдөгү бул сезим мени акыры шаардагы № 1- Д. Карбышов атындагы орто мектепке алып келди. Чарба иштери боюнча директордун орун басары болуп калдым. Сабак бере албасам да, балдарга жакын болуп алар үчүн чын дилден кызмат кылууну арзуу кылдым. Ошентип жүрүп ал жерде 36 жылдан ашык убакыт өтүптүр.
Мээнетим текке кеткен жок. Бир канча алкыш баракчаларын, «Ардак грамоталарын», акчалай сыйлыктарга ээ болдум. Ошону менен катар балдарга болгон мээримимди бере алдым.
Жаш өткөн соң жаштарга орун берейин деп, 2013-жылдын 1-июнунда ишимди өткөрүп бердим. Бирок, үйдө дагын деле тынч олтура албай шаар турмушуна аралашып, коомдук иштерге кол кабыш кылып келем.
7 уул 1 кызым бар. 19 небиренин чоң ата, тай атасымын. Кемпирим Сейдана 2009-жылы дүйнөдөн өтүп, балдарынын, небирелеринин бактылуу күндөрүн көрбөй кеткени гана өкүндүрөт. Болбосо бул жарыктыктан кем жери жоктой…
Жалалидин аба кемпирин эстегенде көзүнөн жаш айлана түшүп, үнү каргылданып кетти.
-Ушунча жыл бирге жашап, «сен, менге» келбей өмүр сүрдүк. Жеңишбек, Нурлан, Дамира, Алтынбек, Аширбай, Данияр, Кылычбек, Улан аттуу уул-кызга ата-эне болдук. Баары жогорку билимдүү. үйлөнүп-жайланышып калышты. Колумда 2 келиним бар. Кудайга шүгүр элебиз-дейт аба жашоосуна кейип-кепчибей.
Коомдук иштерге катышып, алгылыктуу иштерди аткарып келе жатканын анын колундагы бир канча «Алкыш баракчаларынан» билүүгө болот. Анын бири менин колумдагы 2013-жылы шаардык мэрия жана шаардык Кеңеш тарабынан берилген «Алкыш». Анда минтип жазылган, «Кызыл-Кыя шаарынын № 19 кварталдык комитетинин төрагасы Матосмонов Жамалидин Кызыл-Кыя шаарында 2013-жыл ичинде шаардагы коомдук иштерге активдүү катышып,өз кварталын санитардык жактан тазалоо, көрктөндүрүү иштерин алгылыктуу алып баргандыгы жана «Мыкты квартал» наамына ээ болгондугу үчүн алкыш жарылансын. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А. Маткалыков, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Халмурзаев.» Мындай алкыш, грамоталар Баткен областынын мамлекеттик администрациясы тарабынан да берилген.
Жалалидин Матосмоновдун 75 жылдык торколуу тоюнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун жолдогон катында мындай сөздөр жазылган.
«Мезгилдин учкулдугун айт, кечээ эле атыңызга затыңызга жарашкан улуу устат катары өзүңүздүн эмгегиңиз менен көпчүлүккө, анын ичинде жаштарга үлгүлүү устат боло алдыңыз. Көз ирмемде 75тин кырына чыга келипсиз…
Замандаштарыңыз сизди Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүшүнө өзүңүздүн барандуу сылымыңызды кошкон инсан катары жакшы билишет, жакшы көрүшөт…»
Чынында эле ушундай. Жалалидин аба бүткүл өмүрүн шаар үчүн, шаардын экономикалык, социалдык өнүгүүсү үчүн өмүрүн арнап келди.
Мына ушундай бараандуу эмгеги эске алынып, ага урмат көрсөтүлүп келет. Коомдук иштерде талбай эмгек кылган Жалалидин аба 2001-жылы шаарыбыздын 1 элдик Курултайында, 2002-2004-жылдары областтык Курултайларда, 2005-жылы Республикалык аксакалдар сотторунун Курултайына, ошол эле жылы Кыргызстан элдеринин Курултайына делегат болуп барып келген.
Адам өтөлгөлүү өмүрүн элге, жерге арноо менен кызмат кылса, ал эмгек эч качан бааланбай калбайсы мына ушул мисалдан көрүнүп турбайбы. Андыктан ар качан талыкпай эмгек кылып, улуу-кичүүнүн бирдей мамилесинде калуу бул дагы ыйык касиеттердин бири десек жаңылышпасак керек.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


8 + восемь =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>