Кол өнөрчүлүк мүмкүнчүлүктү чектебейт


img_fon

img_fonШаардагы «Күн шооласы» коомдук фондунун жетекчиси Светалана Халбаеванын билдиргенине караганда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды күндүзү караган «Умид» борборунда «Кол өнөрчүлүккө үйрөтүү аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелердин жана жаштардын абалын жакшыртуу» долбоору ишке ашып жатат.
Бул долбоорго каржы тарабынан Финляндия мамлекетинин «Абилис» уюму колдоо көрсөтүүдө. Маалыматка ылайык, долбоордо мүмкүнчүлүгү чектелген 5-6 ата эне жана 5-6 жаштар катышат. Алар 3 айдын ичинде кол өнөрчүлүккө үйрөнүшөт.
«Үйрөнгөндөн кийин алар өздөрүнүн жасаган эмгектерин сатып үй-бүлөсүнө каралаша алышат. Кийин билген нерселерин башкаларга да көрсөтүшүп, үйрөтүшөт», — дейт С.Халбаева.
Долбоордун жыйынтыгында алардын жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшат.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


один + 4 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>