Компьютерлерди оңдоп


img_fon

Исфана шаарынын 34 жаштагы тургуну Зиевиддин Нуруллаев 3 жылдан бери компьютер оңдоочу ишкана иштетет. Ишкананы ачканга чейин Орусиянын Москва шаарында туристтерди тейлөөчү компаниялардын биринде эмгектенген.

Жогорку билимди Түркиядагы жогорку окуу жайлардын биринен алып, экономист кесибине ээ болгон. Бирок бала чагынан компьютерге кызыккандыктан, аны оңдоого болгон жөндөмү жеңип кеткен.

«Москвада иштеп жүргөн кезде жанымда компьютер оңдогон адамдар бар эле. Бош убакыт табылар замат алар менен жаңы технологиялар боюнча сүйлөшүп турчубуз. Муну менен катар компьютер жөнүндө да көбүрөөк пикир алышып, бара-бара компьютерди оңдоону өздөштүрдүм. Кийин турмуш шартына байланыштуу туулган жериме келүүгө туура келип, келгенден кийин Исфанага компьютер оңдоочу ишкана ачтым. Азыркы тапта компьютер оңдоо менен катар принтерлерге боек да куюп берем. Ошондон улам айрым мамлекеттик мекемелер менен келишим түзүп, компьютерлерин текшерип, принтерлерине боек куюп келип турам. Мындан тышкары, жеке адамдар антивирус орноттурганы, компьютерлерин оңдоткону келип турушат.

Зиевиддин Нуруллаев компьютер эле оңдобостон ксерокөчүрмө да иштетет. Азыркы тапта ишканада жалгыз өзү эмгектенип, күн сайын 15ке чейин кардарды кабыл алат.

«Буюрса ишкананы кеңейтейин деген оюм бар. Анткени бул жердеги компьютер жабдыктары адамга көп зыян тийгизгендиктен, анын зыяндуулугун жоготуучу жабдыктарды алайын деген максатым бар. Азыркы тапта бул иш аркылуу үй-бүлөмдү багам. Андыктан ишимди өркүндөтөмүн», — дейт ишкер.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


девять − = 5

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>