Кожо- ачкандагы жыйын


img_fon

21-сентябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикерим Алимбаев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы «Кожо-Ачкан» чек ара аймагында болду.

Деңиз деңгээлинен 2250 метр бийиктикте жайгашкан «Кожо-Ачкан» Баткен шаарынан 125 км алыстыкта жайгашып, 50 чакырым жол тоолуу болуп саналат.

Чек ара кызматынын орун басары Абдикерим Алимбаевдин айтымында, бул аймак кооптуу аймак болуп эсептелип, Мамлекеттик чек ара кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери кызмат өтөйт, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Бул аймактан 1999-жылы террористтер кесип өтүшкөн. Кооптуу аймак. Бул жайда катардагы аскерлер кызмат кылбайт. Чек ара кызматынын борбордук аппаратынан жөнөтүлгөн тажрыйбалуу 30 чек арачы: полковник, подполковник, майорлор кызмат кылат. Бул жакка автоунаа да келе албайт», — деди А.Алимбаев.

Аталган аймакта Баткен районунун тургундары жайлайт. Чек арачылар спутник аркылуу байланышка туташтырылган.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


4 − = три

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>