КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамда эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда автоунаа менен ташуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузган учурларда администрациялык жоопкерчилик аныкталат.

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс төмөндөгү административдик жоопкерчиликтерди белгилеген жаңы ченемдер менен толукталды:

— эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда транспорт каражатынын айдоочусу тарабынын эмгек жана эс алуу режимин бузган учурларда;

— документтери жок автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташыган учурларда;

— жеңил таксилер тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу эрежелерин бузган учурларда;

— автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы үчүн;

-автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъектилеринин ишине мыйзамдуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдук кылган учурларда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× 3 = двадцать один

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>