Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 12-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо болуп эсептелет. Кабыл алынган Мыйзам менен «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарга толуктоолор киргизилди.

Аталган максаттарда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча функциясы менен толукталат.

Андан тышкары, Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

— өз убагында тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышууларга алып келген мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциясынын чектеринде чараларды көрбөсө, райондун акими (жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы) кызматынан бошотулушу мүмкүн;

— этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча, ошондой эле этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга берилген негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарына кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× 8 = тридцать два

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>