Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 4-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аталган органдын, ошондой эле жаза-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин аскердик эсепке коюунун тартибин тактоо болуп эсептелет.

Жогоруда көрсөтүлгөн максатты ишке ашыруу үчүн Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө», «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына түзөтүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн татып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ девять = 13

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>