Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 25-февралында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор «Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилди.

Мыйзамдын негизги максаты — кумар оюн ишине, ошондой эле кумар ишин уюштурууга жана кумар оюн жайларын (букмекердик конторалар жана компаниялар, тотализаторлор) кармоого тыюу салуу. Мыйзам менен биринчи ирет кыргызстандыктардын жаш муунуна, кумар оюндар менен кызыккан адамдарга адеп жана психикалык абалына негативдүү таасир кылган шарттарды түзгөн негиздер жок болот.

Мыйзам финансылык бузуулардын санын кыскартууга, республикада криминогендик жагдайды азайтууга, жашы жете элек адамдардын жана калктын социалдык жактан корголбогондордун кумар оюндарына катышуусу менен пайда болгон социалдык проблемалардын алдын алууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


один × = 5

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>